Данияр Үсөнөв 2013 жылы Малайзияда өлгөнбү?

Буга дейре айтылуу Данияр Үсөнов фамилиясын өзгөртүп, Данил Урицкий болуп алганы көп эле жазылды. Кыргызстандан качып кеткен Үсөнов учурда Беларус улуттук биотехнология корпорациясын (БНБК) башкарып жатат. Социалдык тармактан журналист «Сиз Данияр Үсөновсуз го», – деп суроо салса, «Жок, Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн, – дегени кызуу талкууланып жатат. Айрымдар өзүнүн фамилиясын (Ууру-итский) деп туура которуптур дешип шакаба чексе, айрымдары Кыргызстандан жеп-ичкендерин кустуруш керектигин айтышууда. Ал эми өзүн-өзү өлүп калганын айткан Данияр Үсөновду Жогорку Кеңештин депутаты, жубайы Динара Исаева дароо эле таанып, “Ооба, ал өзү эле экен” – деп жооп берген.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу