Данияр Эрматовдун апасы: «Даниярдын кайда жүргөнүн инстаграмдан көрүп турам…»

Учурда жаш ырчы жигиттердин кыздардын жүрөгүн жаралап турган бойдогу, чыгармачылыкта да жакшы иштеп, эл оозуна алынып турганы Данияр Эрматов. Анын эң жакын адамы, тогуз ай бою көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келген, жакындан билген апасы ырчы жигит тууралуу айтып берет.

— Эже, Данияр бой жетип, элге таанымал адам болду, бирок сизге дале бала көрүнсө керек? Уулуңуздун кичине кези эсиңиздеби?

— Албетте. Даниярды төрөгөн күнүмдөн баштап баары эсимде. 1-февралда сууктун күнү жарык дүйнөгө келген. Балам төрөлгөн күнүнөн тартып жоош, болтойгон бала болду. Бала багып кыйналган эмесмин десем болот. Үйдө деле ашыкча тентектиги жок, тынч бала болду. Бирок мектептен даттануу көп болчу. Аны угуп «баламдын бою кичинекей, эч кимге тийбейт» десем, улуу балдарым «балаңыз үйдө жоош болгону менен мектепте балдарды тизет» десе ишене алчу эмесмин. Көрсө, тымпыйып алып көп нерсе кылчу экен. Негизи өзү бирөөгө тийишпейт, тийишкендерге жообун берчү окшойт. Мектепте мугалимдери жакшы көрчү, өзү сабакты жакшы окуп, маданий кечелерге активдүү катышчу. Комуз ийримине барат эле, комуз чертип ырдап жүрчү.

— Кичине кезинде эле ырчы болом дечү беле?

— Бала кезинде спортко да жакын эле. Спортсмен болом деп ийримдерге катышып, машыгып жүрдү. Кийин ырчы болом деген максаты пайда боло баштады. Биз спортсмен болушуна каршы болдук. «Кой, балам, сен токмок жеп жүрсөң мен чыдабайм. Сени көрүп жүрөгүм ооруйт, андан көрө ырдап эле жыргап жүрө берчи»,- деп ачык эле каршы болдум. Мектепти аяктагандан кийин бажынын окуусуна окуттук. Аны бүткөнү менен иштеген жок. Ыр жагына ооп кетти. Биз өз тандоосуна койдук.

— Сахнага жаңы чыкканда сиздердин жардамыңыздар болдубу?

— Данияр алгач кафеде музыкант болуп иштеп жүрдү. Ал жактан такшалып олтуруп бир тууган агаларынын жардамы менен сахнага чыкты. Биз эмес, агалары демөөрчү болду десем болот. Сахнага чыгуу оңой эмес деп жүрчү, болушунча аракет кылып жүрүп сахнадан ордун таап алды. Негизи баламдын кичинесинен эле тырышчаактык сапаты бар. Куршабда дыйканчылык кылабыз да, рулга бою жете электе эле алдына жаздык коюп алып жүк ташуучу машинаны айдап барып талаадан эгиндерди жүктөп келчү. Ошол тырышчаактык сапатынын азыр жашоосуна жардамы тийип келе жатат. Анан балам абдан чыдамкай. Ооруп, кыйналып атса да көп билдире бербейт. Кичине кезинде жайдын күнү балдар менен каналга кирингени барат. Сууга секирип түшкөн экен, бутуна камыш кирип кетиптир. Аны бизге айтпай ооруп, ириңдеп кетсе да үч күн чыдап жүрө бериптир. Ооруканага алып барып тазалатып, чыдап жүрө бергенине таң калганбыз.

— Даниярды алгач теледен көргөндө сезимдериңиз кандай болду?

— Менин ырдап жүргөн иним бар, алгачкы жолу Данияр ошо менен ата-эне тууралуу дуэт ырдап теледен чыккан. Көрүп алып толкунданып, сүйүнгөнүмдөн ыйлагам. Чынбы, жалганбы деп ишенбей да бир кызык болгонум эсимден кетпейт. Андан кийин «Токто, жаным» деген ырын ырдап чыкты, анда андан бетер толкундандым. Азыр теледен көрө берип көнүп калганым менен энемин да, ар бир көргөн сайын жүрөгүм элжиреп, толкундоо болот. «Садага болоюн данегим» деп телени карап эркелетип калам.

— Сизге канчалык жакын?

— Мага абдан эле жакын. Отузга чыгып калса деле азыркыга чейин «данегим, кичинекейим» деп эркелетип, өөп-жыттап турам. Балам өзү да мага окшош, көзү- кашын, жумшактыгын мага окшоштурушат.

— Улууңуз чыгармачылыкта жакшы эле иштеп, эмгегинин үзүрүн көрө баштады. Азыр сиздерге жардам береби?

— Балам азыр бизге жардам берет. Кудайга шүгүр, колунан келишинче атасы экөөбүздүн эмгегибизди актап атат. Биздин беш балабыз бар, Данияр алардын төртүнчүсү, балдардын кичинеси. Учурда бир туугандарынын баары үйлөнүп, турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп калышкан. Иштеп, бир туугандары да жардам берип өзүнө шаардан үй сатып алып койгон, бирок жалгыз жашаба деп чочулап турабыз. Агалары менен жашап, үйүн батирге берип койгон.

— Сиздердин колуңуздарда кала турган бала экен да…

— Агаларынын баары борборго жайланышып калышкан. Айылда атасы экөөбүз элебиз. Данияр колубузда калыш керек болгону менен биз мажбурлай албайбыз. Балдардын баары атасы экөөбүздү шаарга көчүрүп барабыз деп канча аракет кылышты. Бирок такыр макул болбодук, өз айылыбыздан, тууган-уруктан алыс кеткибиз келбейт. Акыры түңүлүштү көрүнөт, “баары бир барбайт окшойсуздар” деп быйыл үй-жайыбызды оңдоп-түзөп беришти. Азырынча алдуу-күчтүүбүз, кийин убакыт көрсөтөр. Неберелерибизден багып алабыз деп өзүбүздү сооротуп коёбуз. Учурда он төрт неберебиз бар.

— Даниярдын үйлөнө турган мезгили келиптир, өз тандоосуна коёсуздарбы же эне катары сизге жаккан кызды ал дейсизби?

— Мен баламдын өз тандоосуна коём. Биздин балдар, кыздарыбыздын баары өздөрү тандап, өздөрү сүйүп турмуш курушкан. Даниярга да «өзүң тандап, өзүн жактырганыңды ала бер. Бизге жакшы келин болсо болду» деп айта берем. Даниярды быйыл үйлөнтмөк элек, аракет кылып, кыйнасак да «быйылча коё турайын» деп болбой койду. 30га деле чыгайын деп калды, ошентсе да быйылча убакыт бердик, эми эмки жылы үйлөнөр.

— Сиз менен бардык сырын айтып сүйлөшөбү?

— Ооба, экөөбүз бардык темада сырдашабыз. Кыздар тууралуу да айтат. «Апа, кыздарды тандай албай калдым. Баары эле жакшы көрүнөт, бирок баары эле жасалма сүйлөгөндөй боло берет»,-деп күлүп калат. Мен дайыма: «Уулум, чыгармачылыкта жүргөн кыздардан эле ал, дайыма өзүң менен бирге жүрөт, сени түшүнөт. Башка тармактан алсаң кызганыч, түшүнбөстүк болушу мүмкүн»,- деп калам. Данияр макул болбойт, башка чөйрөдөн эле болсо дейт. Кудай буйруса өзүнө ылайыктуу кыз табаар.

— Сиздерге канча убакытта бир барып турат?

— Ошко келген сайын келип кетет. Азыр күздүн күнү тойлорго чакыруулар көп болот эмеспи, бул жакка келген сайын бизден кабар алат. Ал жагынан балама нааразы эмеспиз.

— Сиздин кайсы тамагыңызды сагынат?

— Мен жупка, оромо, манты сыяктуу камыр тамактарды көп жасап берчүмүн. «Башка жактан канча жесем да сиздин тамактарыңыз башкача» деп кубандырып жеп калат. Мен да анын сагынган тамагын жасап берем.

— Токмогуңуздучу? Бала кезинде колуңуз тийди беле?

— Мен балдарды такыр урган эмесмин. Өзүм абдан баласаакмын. Алар тентектик кылса ура албай, сөз менен гана айтчумун. Балдарым аны азыр өзүлөрү деле айтып калышат. Келиндериме да «баланы мен урбай тарбиялагам, силер да урбагыла» деп айтып калам.

— Даниярдын апасы деп калышса сыймыктанасызбы?

— Албетте, биздин аймакта Даниярдын апасы деп таанышат. Сыймыктанып калам. Баламдын чыгармачылыгына кызыгып, жаңы чыккан ырларын угуп турам. өзү да жаңы ыр жаздырып атса, бизге угузуп турат. Жаңылыктарын карап, инстаграмдагы баракчасынан дайыма көрүп турам. Атайын инстаграмдан баракча ачып алгам, Даниярдын каякта жүргөнүн ошол жактан көрүп, жүрөгүм тынып олтуруп калам. өзү да «мени көрүп атасызбы?» деп күлүп калат. Күйөрмандарынын Даниярга жазган ой пикирлеринин баарын окуп чыгам. Жакшысы уулума башка ырчылардыкындай жаман ой пикирлер жазылбайт, ушул нерсеге сүйүнүп калам.

БУЛАК: «Леди kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу