Данияр Сооронбаев: “Назира менен бактылуу эле жашап жатабыз”

Биздин маалымат агенттик, «киноактриса жана тележурналист Назира Бердигулова күйөөсү менен учурда таарынышып кеткен», деген кыска макала жарыялаганбыз. Назира Бердигулованын жолдошу Данияр Сооронбаев биз менен байланышып жогорку маалыматты четке какты.

 Назира менен бактылуу эле жашап жатабыз, сиздерге жеткен маалымат туура эмес. Кудай буйруп уулдуу болдук. Азыр тарбиялап жатабыз. Назира менин оюмдагыдай эле жубай болуп, ата-энеме жаркылдап келиндик кызматын кылып жатат, — деди.

Буга чейинки чыккан маалыматты кайрадан эсиңиздерге салабыз:

Кыргызстанда керме каштуу, бакыраң көз, ак куудай болгон алып баруучу, киноактриса кыздарыбыз оголе көп. Алардын катарын толуктаган, “Мен сүйгөн карагат” кинотасмасы менен элге таанылган Назира Бердигулованы алсак болот.

Так ушул Бердигулова өзүнүн Фейсбук баракчасына, “Жашоо ар кандай… Сабр…” деген сөздү жазып өзүнүн сүрөтүн койгон. Аты бар адамдардын артынан ар кандай сөздөр ээрчип, алардын сүрөттөрүнө сын-пикирлер айтыла берет эмеспи. Эл арасындагы айың сөздөргө таянсак, Назира Бердигулова күйөөсү менен учурда таарынышып кеткен. Бул маалыматты тактоо үчүн өзү менен байланышка чыга албадык.

Эске сала кетсек, Назира Бердигулова жакында эле уулдуу болгон. Жолдошу Данияр Сооронбаев жеке ишкер.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу