Данияр Нарымбаев: «Түлеев мени чаап жиберди, куран окуган жерде ага теңелип мушташкан жокмун»

-Данияр Ильич, Түлеев сизди канжалата сабап салганы тууралуу журналисттер жазып чыгышты. Ал өзү «мушташкан жокпуз, жөн гана сөгүп басып кеттим, Нарымбаев учураша турган адам эмес деп сиздин дарегиңизге ачуу сындарды айтты. Окуя тууралуу сиз эмне айта аласыз?
– Мен бул окуяны комментарийсиз калтырайын деп, бул боюнча мага кайрылган ММКлардын суроолорун жоопсуз калтырып келдим эле. Себеби, кайгылуу иш-чараны орой инциденттин тегерегиндеги талкуу менен булгаган болбойт. Мен маркумдун жакындарынан кечирим сурайм. Бул окуяга аралашканга менин каалоом болгон эмес. Бирок, Түлеевдин бул окуя боюнча айтып бергенин окуп, чындыкты айтканга мажбурмун. Мен чынында арзыбаган талашка аралашып, Түлеевдин арзан пиарына катышкым келбейт. Бир нерсени айтып коёюн. Биринчиден, ал эмес, мен саламга кол сунбадым. Ал жерде турган адамдар менен гана учураштым. Экинчиден, Сапар Исаковду мен көргөн жокмун. Балким, ал болгондур, бирок, мен аны көрбөдүм. Учурашкан адамдар менен сүйлөшүп турганымда Тулеев мага бурулуп, кыска сөз сүйлөп, мени чаап жиберди. Куран окуткан жерде мушташ болушу эч мүмкүн эмес! Андан сырткары, ушул жашка келгенде мушташты ташташ керек эле. Мен аргасыз аралашып калдым.  Жооп кайтарайын десем, аз эле тийгендей болдум. Себеби, мени анын жансакчысы кармап калды. Тулеев жансакчысынын артынан тепкенге аракет кылды. Ал жерде болгон башка адамдар бизди ажыратып, маркумдун зыйнатында турганыбызды эскертип, токтотушту. Мен дароо өзүмдү кармадым, ал болсо тынчыбады. «Мен жансакчысыз жүрөм, алардын артына жашынбай, четке чыгып мушташалы» десем болбоду. Түлеевге окшоп мен эч качан жансакчы менен жүрбөйм. Бийликте турганда деле, азыр деле. Анткени, коркконго себеп жок экенин билем. Түлеевдин корко турган жайы бар болсо керек.
– Мунун баары эки мырзанын ортосундагы өчөшүүдөн келип чыкты да?..
– Ал окуя жөнүндө кеп кылгым келбегендин дагы бир себеби бар. Ал иш экөөбүздүн ортобузда гана кала турган эркекче иш эле. Бирок, Түлеев интервью берип, калп айтып чыкты. Анысы эркектикке жатпайт. Ал ар дайым калп айтып, арзан пиар кылып эле басып жүрөт. Бул мага карата провокация болгон үчүн, мындан ары бул окуянын тегерегиндеги сөздөргө да, иштерге да катышпайм. Аны ким түрмөгө каматып, ким акчасын алганын өзү жакшы билет. Бирок, ошол нак душманына зыян келтире албай, аны менен соодалашып туруп мени каматкан. Ал башкалардын оюнунда оюнчук болгонго макул болгон. Ошону менен эркиндигин сатып алды. Кызыгы, азыр ошол душманы алсырап калса да, коркоктугунан ага эмес, мага асылганын койбой келет.
Динар Турдугулова
Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу