Данияр Аттокуров коррупционерди коргоп баштады

Мурда артынан көп былыгы чубалып, бирок Атамбаевдин амири менен капаска түшпөй калган Данияр Аттокуров деген депутат бар. Ал, ат тезегин кургатпай Атамбаевге катап турганы жашыруун деле эмес. Ошол жигит ири коррупциялык кылмыштарга шектелип камалган Кубанычбек Кулматовду актап сүйлөптүр. Анын логикасы күлкүңдү келтирет. Кубанычбек Кулматов мэр болуп турганда Кытай тарап мектеп курууга акча каражат бөлгөн. Анын бир бөлүгүн чөнтөккө кымырып алган. Ал кылыгы үчүн эми кылтакка илинип, айыбы ачылып, бул боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган. Данияр Аттокуров бүгүн, «Кулматов негизи жок эле камакта отурат. Мектеп бир жакшына курулду, коридору дагы кенен экен»,-деп булкунуптур. Кыязы, Атамбаев чакырып алып, «Кулматовду колдоп үнүңдү чыгар давай!»,-деп Арашанда жатып алып айдактаган окшойт. Жакында ДаниярдынА өзүнүн былыктары да калкып чыгат деп угуп калдык. Эгер андай болсо, Кулматовду коргомок турсун ага ырыскылаш болуп «тиякта» көзүн жалдыратып калышы толук мүмкүн дегендер да бар…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу