Данияр Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске сала кетсек, Каракол шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин 31-июлда чечимин премьер-министр колдогон эмес. Эми ошол саясий кадамдарын негиздеп бериши керек болуп, шаардык кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн башына сур булут айланган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу