Данияр Абдыкаров ИИМ жетекчилигине келгени калдыбы?

ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровду Алайдын аттуу-баштуу аксакалдары колдоп атышканы, кайрадан кызматка алып келишери боюнча кеп кызуу жүрүүдө. «Токочу бар бала сүймөнчүктүү» дегендей, Данияр саясый элитадагы байлардын катарына киреринен кабарыбыз бар. Бир жагынан жердеши катары президенттик аппараттын орун басары Алмамбет Салиев менен да ынак болуп, мамилелери таттуу экени жашыруун эмес. Натыйжада, колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ИИМ жетекчилигине келип алса, коомчулук кандай реакция жасайт болду экен? Буга чейин Абдыкаровго карата прессада катуу соккулар, бир топ компроматтар чыгып келгенин эске алсак, алдыда дагы далай кызыктарга күбө болбойбузбу?

Кубат Карачев

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу