Данияр Абдыкаров, генерал-майор: Мен Камчы Көлбаев менен эч кандай шартта жолуккан эмесмин

Кечээ, 11-сентябрда “Фабула” газетасында жана интернет сайттарга жарыяланган мени К.Көлбаев менен жолуккан деген материал чындыкка жатпайт. Аталган макала жана коллаж менин кадыр-баркыма жана мен иштеген системага атайылап көө жапкандык деп эсептеймин. Мен эч кандай шартта макалада айтылган жаран менен жолуккан эмесмин жана ошондой эле аталган маалымат жана коллаж боюнча өз укугумду мыйзамдуу талаада коргой тургандыгымды ачык билдиремин.

Д.Абдыкаров, милициянын генерал-майору

Аргумент.kg
Жооп калтыруу