Даниел Кадырбеков, активист: “Баягы эле эски “пластинканы” ойноду окшойт”

Дээрлик март айынан бери үн катпай, «командасынын» калың катмары камала баштаганда да реакция кылбай бугуп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев жуманын башында, тагыраагы 19-ноябрь күнү жүзүн көрсөтүп, жеке менчик «Апрель» телеканалына маек берди. Менчик каналы болгондон кийин каалагандай сүйлөсө болот эмеспи. Анын сыңарындай ал «каалагандай» сүйлөдү, өзүнө жакпагандарга «жугунду» куюп, жарыктык киши көнгөн адаты менен бир топ адамга асылды. Эң башкысы, президент Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычын билдирип, кайсыл сөзүнөн болбосун күнөөнү президентке байлаганга болгон аракетин жасады. Кызыгы: «ТЭЦти оңдоо иштери Жээнбеков өкмөт башчы кезинде болгон. Бирок, аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек» деди. Мындан сырткары, Атамбаев: «Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам» деген күлкү келээрлик оюн ортого салды. Албетте, бул ириң аралашкан «кыйшык» сөздөр ички таарынычтан улам чыгып жатканы жалпы элге маалым. Анткени, ажо Сооронбай Шариповичти «кол бала» катары башкарам деген Атамбаевдин «кыйды» максаты ишке ашпай талкаланып, арам ою ара жолдо быт-чыты чыккан. Айтор, жеке таарынычын мамлекеттик масштабдагы көйгөйгө айландыргысы келген Атамбаев жөн жатпай, кезектеги ызы-чууну жаратканга аракеттене баштаганы байкалып калды. Бул боюнча пикирин билдиргендерди тыңдап көрдүк.

—Албетте, биринчиден, Алмазбек Шаршенович Атамбаев коопсуздугуна алдын ала чара көрүп жатат деп ойлойм. Баарыбыз көргөндөй, интервьюсунда Жээнбеков менен Бакиевтерге параллель жасап, регионалдык, үй-бүлөлүк кланда кетип жатат деп, өзүнө элдерди тартканга аракет кылып жатат. Регионалдык жана кландык деп, элди бөлүп, өзүнө кичине болсо дагы колдоочуларды топтогонго аракет кылды деп айтсак болот. Ошол эле мезгилде, баягы эле эски «пластинканы» ойноду окшойт. Элге баягы эле жалган маалыматтарды кайра-кайра кайталап атат, өзү ишенип алган көрүнөт. Албетте, ал маалыматты мээси бар адамдар анализ кылып көрүп, алдаганын байкаса болот.

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу