Дана Абдыбекова: “Тойдо ырдаган “махаля ырчылар” көбөйүп кеткени өкүндүрөт…”

Кыргызстанда атагы чыгып калган далай жаш ырчыларды таптап, шоу-дүйнөсүнө бир топ жылдан бери салым кошуп, жаңылык киргизип келаткан белгилүү продюсер Дана Абдыбекова менен zaman.kg маалымат агенттигине маек курдук.

-Дана айым, сизди бир нече ырчыларды таптаган продюсер катары билебиз? Канча жашыңыздан баштап продюсерлик менен алектенип келе жатасыз?

-Мен 2005-жылдары алгачкы продюсерликти ошол кезде өзүм иштеген КТРК телеканалында баштагам. Алгачкы менин долбоорум, ошол 2005-2006-жылдары абдан популярдуу болгон Артык-Сапар дуэти, “Атага кат” деген ыры менен кыргыз элине белгилүү болуп, шоу-бизнесте өздөрүнүн ордун табышкан. Бүгүнкү күндө продюсердик ишимди аркалап келатканыма 13-14 жыл болуп калды.Ушунча убакыттын ичинде көптөгөн ырчыларга жардам бердим. Эң акыркы долбоорлорумду айтсам Айбек Бакытбеков деген жигит менен Кыргызстандын желегин беш мамлекетке желбиреттик.Анын ичинде «Юрмала», «Новая Волна», Ялтада, Азербайжанда, Казакстанда, Туркияда өткөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырдык.Андан сырткары шоу-дүйнөсүндө продюсерликтен тышкары музыкалык жактан теледолбоорлорду көп жасадым.

— Өзүңүз да жакшы ырдайт экенсиз, башка ырчыларды таптабай, балким талантыңызды чыгарып, өзүңүз ырдасаңыз болот беле?

— Мектепте окуп жүргөндөн баштап кыялымда чоң сахнага чыгып ырдоо бар эле. Азыркы «Достор» тобунун ырчысы, мындан 25 жыл мурун менин мугалим эжекем Жайнагүл Калчаева жетектеген балдар хору бар болчу. Ошол кезде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ломоносов мектебинде кырк баладан түзүлгөн чоң хордо 3-класстан баштап башкы ырчы болуп биздин Сагын Ниязалиеванын программаларына эфирге катышып кетчүбүз. Азыр ал архивде да бар. Жаш балдардын эл аралык сынактарына келип катышып жүрчүбүз. Мен 3-класстан баштап профессияналдуу түрдө ырдадым.Ошол кыялым менен эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна келип эстрада бөлүмүнө чоң артист болом деген кыялым менен тапшырган болчумун. 3-курста турмушка чыгып, жолдошум ырдаганыма каршы болду. Ортодо балалуу болуп, үй-бүлөгө көбүрөөк басым жасап,3-курста башка факультетке которулууга мажбур болдум. Мындайча айтканда жолдошум кыялымды өчүрүп, шагымды сындырып койгон. Ырдабайсың деп.Ошондон улам мен үй-бүлөнү тандап,балдарыма, жолдошума көбүрөөк басым жасап, ырдабай калган себебим ошол болгон.Институтту аяктагандан кийин чет мамлекетке 2-3 жылга кеттим,аспирантурада Германияда окудум.Чет мамлекеттен келгенде 2002-2003-жылдары КТРКга келип “Жаштар студиясына” ишке орношуп,баягы кичинемдеги кыялымды орундаткым келген. Бирок, ырдайм деген баягыдай амбиция деген болгон жок. Ошол кезде бардыгы колумдан келип турган. КТРКда бардык артистер менен иштеп жүрдүм. Ошол кезде ырдаганга чоң эле мүмкүнчүлүк болуп жатты. Бирок эмнегедир көксөөм сууп, көңүлүм калса керекпи, же жолдошум эмнеге ырдайсың деп тыюу салгандыктанбы ырга көп басым жасабай калдым. 2005-жылдары өзүм ырдабай калсам дагы башкаларды эл алдына чыгарып, жакшы ырды, жакшы ырчыны дароо эле сезчүмүн. Өзүмдүн ырдабай калган максаттарымды, ойлорумду башка ырчыдан чыгардым десем болот. Азыркы күндө деле досторум, жакындарым жолукканда ырдап калабыз. Азыр деле ырдап чыкпайсыңбы дешет досторум. Бирок сахнага чыгыш, өзүнчө бир толгонуу, жан дүйнөң болушу керек го деп ойлойм.Мен өзүм үчүн жакшы ырларды жаттап алып, кыялданып ырдайм. Бирок чоң сахнага ырдайм деген амбициям 22-23 жашымда эле өчүп калыптыр. Ошол сезимдерим менен күрөшүп көрдүм, бирок жеңе албадым.Андай деле умтулуум жок. Жакын адамдарым менен өзүнчө ырдап, ырахат алам, бирок чоң сахнага чыгып ырдайм деген сезимдерим эчак өчкөн.

— Учурда кайсы ырчыларды таптап жатасыз, кимдер алар?

— Мен Артык-Сапар дуэт менен иштештим. Эки жылга жетпей эле Сапар Эркебаев деген бренд менен иштедим. Курал Чокоевге, Мери Шакулина деген ырчы кызга жардам бердим. Чынын айтканда абдан көп ырчыларга жардам берип, көп ырчылар менен иштешим. Азыркы учурда “Чоро” тобу жана ырчы Айбек Бакытбеков менен иштешип жатам.

— Сиз телевидениелерде ар кандай долбоорлор менен иштешип жатасыз, кандай долбоорлорду ишке ашырдыңыз?

-2002-2003-жылдары баштап эле жалаң гана шоу-дүйнөдө жүрөм. Ошондон бери жасаган долбоорлорду эсептесем абдан көп. Бирок көбүнчөм узыкалык, ток- шоуларда, акыркы жолу “Сентябрь” телеканалында, азыр “Жалбырак” болуп калды го, ошол жерде музыкалык продюсер болуп көп долбоорлорду аткардык. Анын ичинде “Жылдыз менен бир күн” жана башка ушул сыяктуу көп долбоорлор бар. Шоу-дүйнөсүнө тиешелүү музыкалык продюсер болгондон кийин музыкалык студиям бар. Менин кол алдымда он чактыдай адам иштейт. Анан көптөгөн долбоорлордун продюсери болом, алардын өздөрүнүн авторлору да бар. Кыскасы жалаң гана шоу-дүйнөгө тийешелүү биздин ырчылар, актер, спортчулар сыяктуу жылдыздар менен иштешебиз. Аларды санап отурса абдан көп. Себеби, студия болгондон кийин анын ичинде да көп долбоорлор болот. Телеканалдардан КТРКда иштедим, андан соң менчик телеканалдарда иштедим.Азыркы күндө да “Дана продакшн” деген студиям бар.

— Шоу чөйрөсун мыкты билген инсан катары айтсаңыз, сизди азыркы ырчылардан эмне кейитет жана эмне кубантат?

-2005-2006-жылдан бери продюсерликте эмгектенип келатып, менин бир гана талабым Кыргызстандагы шоу-бизнесте жеңил-желпи ырдаган ырчылар жокко эсе болсо деп тилечүмүн. Өзүм дагы долбоорлорум менен мактанып кетсем болот, мен тарбиялаган бардык балдар музыкалык билимдүү, музыканы түшүнгөн, профессионалдуу ырчылар менен иштегенге аракет кылдым.Себеби, менин музыкалык билимим, деңгээлим ошого туура келет. Мен нота билбеген музыкалык билими жок адамдар менен иштешкен жокмун. Мени кейиткени акыркы күндөрү той ырчылары абдан көбөйүп кетти. Түшүнөм, эл өзүн-өзү багып жатат.Тойлор болушу керек,акча баарына керек, үй-бүлөнү багыш керек дегендей. Бирок бардык жерде профессионал деген болушу керек. Ар бир кесипке кайдыгер карабастан жөн эле акчаны ойлобостон, сапатка да көңүл бурсак жакшы болмок.Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону менен бизде профессионалдуу, чыныгы таң калтыра турган ырчылар бар.Биз көптөгөн сынактарга барып жүрөбүз, “кичинекей эле мамлекетсиңер бирок ушунчалык таланттар көп” деп айтат.Тилекке каршы шоу-бизнесте чыныгы таланттар эмес, шоу бизнесте айтылган “махаля ырчылар” көбөйүп кетти.Ошол мени кейитет. Профессионал ырчылар ресторан, кафелерде эле иштеп калган. Анткени алар жан дүйнөсү менен ырдашат, ошондон ырахат алышат, ошону менен акча табышат, жан багышат. А “махаля ырчылар” эптеп-септеп ырдашат, эптеп-септеп клип тартышат, ошолор тойдо жүрүшөт. Учурда 100 пайыздын 80 пайызы махаля, ал эми 20 пайызы профессионал ырчылар десем жаңылышпайм. Чыныгы профессионал ырчылар өтө аз.Профессионал чыныгы ырчыларды баалабайбыз, көтөрбөйбүз. Жеңил-желпи ырларга көңүл бурабыз.Ошол эле телеканал, сайттар, радиолорго чектөө киргизсе деген ой бар. Куудулдар тамашалап жатышпайбы ишиң жок болсо ырчы бол деп. Бирок ырчылыктын артында канча деген эмгек, түйшүк жатканын көптөр билишпесе керек. Ырчылык бул чоң түйшүк. Жакшы ырды, жакшы музыка, жакшы клипти жаратыш үчүн дегеле жакшы ырчыны тарбиялаш үчүн көп эмгектениш керек, убакыт керек, албетте каражат да керек. Бирок бизде жеңил-желпи ырчылар бир-эки сааттын ичинде аранжировка жазылып, бир күн ичинде клип тартылып, окшош козудай ырчылар көп. Сүйүндүргөнү ошол профессионал ырчылар эл аралык сынактарга барып, мамлекет тараптан деле эч кандай жардам күтпөй өз күчтөрү менен алдыңкы орунду алып келип жатканы кубандырат. Эл аралык сынактарга катышып, утуп, жеңгенден кийин чет мамлекет бизге карап, колдогондон кийин гана биз ошол балага көңүл бура баштаганыбыз кейитет. Ошол ырчыны сынакка кетип жатканда колдобой, карабай туруп анан сырттан утуп келгенден кийин мамилебиз өзгөрүп жатпайбы. Аларга эртерек жардам берип, көңүл буруп, колдосок болот беле?

-Акыркы жылдары журналист Элнура Кулуева экөөңүздөр бир нече долбоорлорду алып чыктыңыздар, ошолор боюнча да айтып кетсеңиз?

-2015-жылы “Кыргыз Тилектештик коомдук бирикме” деп журналист Элнура Кулуева, Жамал Рысалиев, Сайра Дуулатова, Канышай Мамыркулова, Каныкей Жунусова деген журналитикадагы адамдар менен бирикме түзүлүп, кыргыз улуттук баалуулуктарга басым кылган долбоорлорду алып чыгып жатабыз. Төрт жылдан бери отуздан ашык долбоорду ишке ашырдык. Анын ичинде “Миң элечек апалар”, “Кырк казан сүмөлөк”,андан тышкары майда долбоорлор, кайрымдуулук иштерибиз абдан көп, карылар үйүнө боз үй белек кылдык.Ысык-Көлдө “Ак элечек апалар”, Ошто Сулайман-Тоодо “Ак элечек апаларды” өткөрдүк. Былтыр, 2018-жылы Кыргызстанга жакшы жаңылык алып келген 1500 тонна бешбармакты Гиннес китебине киргизген долбоор болду. Биздин жасап жаткан иштерибиздин бардыгы Кыргыз улуттук баалуулуктарды сактап калуу максатында жасалган чоң иш чаралар. Алдыда да пландарыбыз абдан чоң.

Ушундай жакшы иштерди аткаруу менен алекпиз. Бирок, мени кейиткен нерселер да бар. Мамлекет тарапка эмес,биздин бизнесмен агаларыбызга кайрылгым келет, бизде концерт кое турган залдар жокко эсе. Чет мамлекеттерге чыкканда мисалы, коңшу Өзбекстан менен коңшу Казакстанды эле карасак алардын концерттик чоң залдарын көрүп алып ичим тызылдайт, ызаланам. Эмне үчүн бизде соода борборлору эле салынат, олигарх, колунда тыйыны бар агаларыбыз бизнес катары жок дегенде 5000-10000 кишилик чоң маданий борборун салбайт? Эгер ошондой борбор салса ага кеткен каражат деле өзүн актамак. Кээде жакшы долбоорлорду, концерттерди өткөргөндө биздин залдар өтө эле тар болуп калат. Бизде өтө чоң маданий борборлор жок. Бул Кыргызстан үчүн сонун болмок деп ойлойм.

-Эми өзүңүздүн жеке жашооңуз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып өтсөңүз?

-Өзүмдүн үч кызым бар. Улуу кызым Айгерим,экинчиси Медина, үчүнчү кызым Айдина. Улуу кызым студент, университетте окуйт. Эки кызым мектепте окуп жатышат. Үч кыздын энеси болгонума бактылуумун. Балдарымдын келечеги жакшы болсо экен деген үмүтүм бар.Жашоомдо бактылуу аял катары Кудайга ыраазымын. Жасап жаткан иштердин, жасап жаткан долбоордун бардыгы тең жан дүйнөдөн чыккан, ырахат ала турган долбоорлор деп ойлойм.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу