“Дамас” ресторан-мейманканасы ИИМдин оъбектисине айланабы?

Нариман Түлеевдин «Сапатком» имараты Финполдун кызматкерине өткөндөн кийин
Акылбек Жапаровдун «Дамас» ресторан-мейманканасы ИИМдин оъбектисине айланышы
керектиги интернетте жазылып, кызуу талкууга жол чабылды. Көпчүлүк адамдар
«Дамастын» мамлекеттин карамагына өтүшүн колдоп атышат. Мындай идея тегин
жерден чыкпаса керек. «Бирболчу» депутатка «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш
иши козголгондон кийин ага тиешелүү үй-мүлкү күч органдары тарабынан изилдене
баштаган. Кыязы, Жапаровду камакка алышпаса да «кустуруу» үчүн кысымдар күчөйт
окшойт.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу