Дайыр Исмадияров, ырчы: «Сүйүү бар экенине ишенбейм…»

—Дайыр, жаңы жылың менен! Жаңы жылды кимдер менен тостуң?

—Жаңы жылды абдан жакшы көрөм. Анткени, бул үй- бүлөлүк майрам деп эсептейм. Андыктан жакындарым менен тостум. Апам, бир туугандарым менен таттуу даамдар даярдалган дасторкондо эркелешип олтурдук. Саат 12ден кийин жакын санаалаш досум менен түнкү клубга барып ырдап олтурдук. Бул мага абдан жакты.

—2018-жылы кандай жетишкендиктер болду?

-Чынын айтканда, өткөн жыл  мен үчүн эс алуу жылы болду деп койсом туура болот го. Дегеним, башка жылдагыдай тытынып иштеп, ыр жаздырып клип тарттырган жокмун. Өзүм менен өзүм болуп чет өлкөлөрдү кыдырып эс алып жүрдүм. Быйыл буюрса жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп, жеке концертимди берсемби деп ойлонуп атам.

—КТРде көгүлтүр отто ырдаган жоксуң. Сен дагы капа болуп нааразы болгон кесиптештериңдин катарын толуктап жаткандырсың?

—Жогоруда айтып кеткенимдей чыгармачылык жаатта жакшы иштебегендигимден бир да каналдын көгүлтүр отуна ырдабайм деп башында эле чечкем. Ошентсе дагы кичинемден ретро ырларды абдан сүйүп укчумун. Андыктан быйыл «Ретро Дискотека» берүүсүнө катыштым. Асан Жакшылыковдун сөзүнө жазылган, обону Тарас Асанакуновго таандык, «Бийге чакырайын» деген чыгарманы аткардым. Бул ырды өзүм да жакшы көрүп дайыма ичимден кьңшылдап ырдап калам, андыктан тандоомо да туура келди. Жакшы ырдаптырсың деген мактоолорду угуп ичимден өзүмө ыраазы болуп калдым.

—Aр бир аймактан ырчылар өз алдынча бөлүнүп шерине жемей модага айланды. Өзгөндүктөрдө  да барбы?

—Ооба бар. «Өзгөн өнөрпоздору»- деп атап алганбыз. Ай сайын чогулуп шерине жейбиз.

—Сүйүү сезимине кабылуудан чоочулап да калдың окшойт…

—Азырынча кыздарга, деги эле махабат жаатында жүрөгүм жабык. Сүйүүгө деле ишенбей калдым. Арзуу деген сезим жок. Сүйүү издеген деле жокмун, башка иштерим көп.

—Күйөрмандарың дагы деле телефонунду тындырбай сүйүү сезимин билдирип турушабы?

—Жок, менин күйөрмандарым анчалык «тентек» эмес. Бирок, иш-чаралар болуп калганда сөзсүз сүйүүсүн арнаган күйөрмандарым чыгат. Эми мурдагыдай үйгө чейин келип, тындырбай телефон чалгандар азыр жок.

-Клип тарттырып, ыр жаздырууда кайсыл режиссёр менен иштешесиң?

—Көпчүлүк учурда ыр жаздырып жатканда өз алдымча оюмда кайсыл жерде ырдап клип тартам баарын пландап коём. Клиптеримдин 90%ын өзүм режиссёрлук кылам. Жалпы иштеринин баарына өзүм чуркагандыктан оорчулук деле болбойт. Албетте, клип тарткан досторум жардам беришет.

—Машинаны каттуу айдачу элең, айып пулдардын көлөмү  көбөйгөндүгүнө байланыштуу акырын айдоого өттүңбү? 

—Биринчи кезекте шашсам дагы МАИге түшүп калбайын деп акырын айдайын деп өзүмө -өзүм сөз берип атам. Мага окшоп эле баардык айдоочулар шашпай айдап калышса керек. Мыйзамды буздукпу, демек айыпты төлөшүбүз керек.

БУЛАК:De-facto

Аргумент.kg
Жооп калтыруу