Дайыр Исмадияров ,ырчы: “Мен үнүмө ишенем…»

Социалдык тармактар учурда жылдыздар үчүн оокат кылуунун дагы бир оңой жолу болуп калды. Ал эч кандай жумушту талап кылбайт, катталуучуларды кызыктырган кооз сүрөт жана акылман ойду жазып койсо дагы бир жумуш аткарылды дей берсе болот. Жылдыздарга суктанып, жакшы каалоо-тилектерин айткан күйөрмандар менен катар аларга негатив пикирлерди жазгандар да чекесинен чыгат. Бирок айрым жылдыздар хейтерлердин суроосун өчүргөнчө шашышат. Бул ирет Дайыр Исмадияров хейтерлерге гезит аркылуу жообун берди.

salta_kartin_k_i: – Дайыр өзүн пиарлаганды аябай жакшы көрөт. Унутулуп баратканда элди бир дуу кылып коёт.

Дайыр: – Балким, жаңы чыгып жатканда продюсер менен пиарга иштегенбиз. Бирок азыркы учурда өзүмдү пиар кылбайм.

Bermet_Kasymova: – Ушунун бир интервьюсу экинчисине дал келбейт да.

Д.: – Бермет, сизге ыраазычылык. Менин бардык интервьюларымды саресеп салып, кунт коюп окуйт экенсиз, кубанычтамын. Жашоо өзгөрүлүп турат экен. Бүгүнкү планың эртең башкача болуп калат дегендей. Ошого байланыштуу адамга, жашоого болгон ой жүгүртүүң да өзгөрүп турат экен. Балким, ошол себептен былтыркы берген маегим быйылкыдан бир аз башкачараак болуп калаттыр.

stervella415: – Дайыр мактанчаак, сулуулугуна таянган бала. Бирок сулуу деле эмес өзү ойлогондой. Эмнеси болсо да бактылуу бол.

Д.: – Атыңыз эле стервелла деп айтып турат, стерва окшойсуз (күлүп). Мен эч качан сулуулугума таянган эмесмин. Өзүңүз айткандай, сулуу деле эмесмин, балким, жылдыздуумун. Ошентсе да каалоо-тилектериңизге чоң рахмат, бактылуу болоюн.

_PeriWa_: – Дайырды «Кара көзүм» деген ырынан жакшы тааныйм. Ошол ырың өзүңө аябай сонун жарашкан. Азыркы чыгармаларың супсак, эптеп ырдап койгондой. Бир баң этип элге жага турган ыр чыгарсаң сени көрө албагандын оозу жабылмак.

Д.: – Анча-мынча адамдарга башка ырларым да жагат. Ар кимдин табити ар башка. Ошентсе да сиздин каалоо-тилектериңиз орундалып жакшы ырга туш келип, бир баң этейинчи, сиз айткандай, көрө албагандардын оозун жаап.

aman0296: – Блин, ушу Дайыр “курсун” көтөргөндү койсунчу.

Д.: – Биринчи кезекте өзүңдү-өзүң сыйлабасаң эч ким сени сыйлабайт деген кеп бар. Сиз кайсы жерден мени көрүп, мен “курсумду” көтөрдүм эле? Ар бир адамдын ченемдүү баасы бар. Ишине жараша ар кимдин айлыгы бар да, туурабы? Балким, ошол жактан айтып жатсаңыз, мен “курсумду” эч качан көтөрбөйм. Жөпжөнөкөй баламын.

Leili: – Ушу ырчы эч жакпайт, көрсөм эле жиним кашая берет.

Д.: – Сонун комментарий экен (каткырып). Сиздер ушинтин сонун комментарийлерди жазып мага дем берип турасыздар. Бар болуңуздар! Сиздин жиниңизди кашайтканга дагы адам керек. Негизи айтып коёт го, “сен адамдарга кызыктуу болушуң үчүн же жинине тийишиң керек, же жагышың керек” деп. Демек, мен сиздин жиниңизге тийип жатсам сизге жагат экенмин. Абдан кубанычтамын, Лейли (күлүп).

urmat_88-kg: – Өзүн мактагандан өлөрчө кач деген кеп бар. Фонограмма болбосо эмдигиче дайының билинбей калат беле, ким билет? Анан мактана бербечи.

Д.: – Мен мактанбайм, болгон нерсени айтам. Мактанды деп жок нерсени ойлоп тапкандарды айтыш керек. Фонограмма жок болсо, эмне болмокмун, эч ким билбейт, сиз да билбейсиз (күлүп). Мен өзүмдүн үнүмө ишенем, Кудайга шүгүр. Сиз мени тааныбай туруп жөн эле жумурткадан кыр издебеңиз. Өзүңүздүн жашооңузду терең изилдеп көрүңүз, сиз эмнеге жетиштиңиз?

osmonova_2103: – “Тойский” ырларды эле чыгара бербей, элге да бир хит ыр жаздыргылачы.

Д.: – Мен көп деле “тойский” ыр чыгарбайм. Муңдуу, жакшы ырларды жаратам. Сиз саресеп салып, ырларымды издеп угуп көрсөңүз.

cholpon5019: – Сигарет чегесизби?

Д.: – Бул бир сүрөттү айтып жатат окшойт, столдун үстүндө тамеки калып кеткен болчу. Ал сүрөттө менин тамеким эмес. Ал жакта көп киши тамактанганбыз. Тамеки менин алдымда туруп калыптыр. Эгер ал меники болсо мен жашырып коймокмун (күлүп).

armadare91: – Көп жебе, бүтүк көзүң жумулуп калса кантип сахнага чыгасың?

Д.: – Менин көзүмдүн ачылганын качан көрдүңүз эле? Меники дайым эле жабык го (каткырып). Өзгөчө күлгөндө көзүм ачылбай калат. Азыркы келбетим өзүмө жагып жатат. Мен үчүн кыжалат болуп жатканыңызга рахмат.

toktobaev45: – Тамак дегенде өлөт экенсиңер да. Айланаңарды карасаңар ачкалар канча. Ойлонгула, карыздан башыбыз чыкпай жатканда кайдагы тамак?

Д.: – Ойлондура турган суроо экен (көпкө ойлонуп). Бирок бул суроону мага эмес, чирип байып жаткан чиновниктерге берсеңиз болмок. Биз эл адамы болгон соң эл сыйлаган жерде, эл жеген тамакты жеп жүрөбүз. 

toktobek.1990.noorozbaev: – Бул киши ким? Аябай керсейген го?

Д.: – Сырткы келбет алдайт деп коюшат. Тааныбасаңыз таанышып алалы, мен ырчы Дайыр Исмадияровмун. Керсейбейм деле, аябай жөнөкөймүн.

taspolomobuiuk: – Өзүңдү беш жашар баладай алып жүрбөй, кичине шалактабай токтолчу, фуу.

Д.: – Жакшы эле токтоо мүнөзүм бар. Мени күйөрмандар, жаштар карап тургандыктан өзүмдүн маселелеримди жар салбай, жакшы маанай тартуулоо максатында тамашаларымды көрсөтөм. Сиз, балким, түшүнбөй калдыңыз окшойт. Андыктан сизге да ушуну каалайм. Кабагыңызды бириктирбей, жылмайып жүрүңүз. Андай күндөр да керек.

БУЛАК: Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу