Дайыр Исмадияров, ырчы: “Кандай гана сүйүү болбосун катуу кетип, жиндичиликке барбайм”

Кыргыз шоу бизнесиндеги эң шайыр, жылдыздуу, аракетчил мырзалардын бири Дайыр Исмадияров бүгүн бизде мейманда.

— Дайыр, кино көрүп жатып, ыйлайсыңбы?

— Негизи кино көрүп жаткан маалда канчалык кайгылуу болсо да ыйлабайм. Бир жолу “Хатико” деген кинону көрүп жатып ушунчалык ит менен адамдын ортосунда жакшы мамиле болоорун билгем. Баш каарман менен болгон чыныгы жакындашуу, достук бар экенин түшүнүп аягында байкуш “Хатико” каза болуп калганда аябай ыйлагам. Ошол тасма мага өзгөчө бир таасир калтырган. Андан бери кандай гана тасма көрбөйүн ыйлай элекмин.

— Сүйүүң үчүн ырчылыкты таштайсыңбы?

— Мен ойлойм кандай гана сүйүү болбосун катуу кетип, жиндичиликке барбайм. Бардык нерсенин өзүнүн орду, ченеми бар. Аша чапкан нерсенин артынан сөзсүз жаман нерсе болот. Башыма сүйүү келсе да сахнаны таштай албай калдым го… Ошондуктан, сахнаны таштоого себеп жок.

— “Допинг” деген эмне? Аны колдонгонду билесиңби?

— “Допинг” деген нерсени билем. Күч берет. Аны колдонбойм. Колдонуп да көргөн эмесмин. Мага анын кереги жок. Бирок, Кудайдан улук сүйлөбөйүн убакыт сааты келсе колдонушум мүмкүн. Бул жашоодо допингди колдоно турган ар түрдүү жагдайлар болуп калышы мүмкүн да.

 Пилинг кылдырып көргөнсүңбү?

— Ооба. Пилинг тууралуу жакшы билем. Аны денеме тез-тез эле кылдырып турам. Мурда чынын айтсам аны эч кылдырбайт болчумун. Азыр баняга барган сайын сөзсүз түрдө пилинг кылдырып же массаж алмайын үйгө кетпейм.

— Мырзалар менен жекеме-жеке чыгып мушташып, таяк жеп көрдүң беле?

— Муштум менен маселе чечүү көп эле болуп турат. Эркекпиз да. Бирок, айрым учурда адамдар менен конфликтке баргым келбейт. Баарын ызы чуусу жок эле сүйлөшүү жолу менен бүтүрүп койгум келет. Бирок, кээ бир адамдар бар ушунчалык жиниме, кыжырыма тийген ошолорду иттин баласындай кылып сабап салмайым бар.

— Спирт ичимдигин ашыкча ичип, өзүңдү жоготуп көргөнсүңбү?

— Эми эркек эмнени гана кылбайт. Спирт ичимдигин татып көргөм. Бирок, өзүмдү жоготкуча ичип көрө элекмин. Спирт ичимдиктеринен алысмын.

— Күйөрмандарың сенин эмнеңе карап сүйүшөт?

— Бул сурооңузга жооп бериш кыйын го… Аны күйөрмандарымдан сурашыңар керек.

— Бирок, сенин ойнок көздөрүңө арбалган кыздардын саны арбын го…

— Ооба, туура. Аны тана албайм.

— Айымдарды илип алчу кайырмагың барбы?

— Ооба, сөзсүз. Сиз айтып өткөн ойнок көздөрүм менин куралым. Кыздарды кайырмакка ушул күнгө чейин көзүм менен илип келгем.

— Өзүңдү “красавчикмин” деп эсептейсиңби?

— Ар бир инсан сулуу. Ошондуктан өзүмдү сулуумун деп эсептейм. Алты саным аман, бардык мүчөм ордунда. Кээде Кудайым жараткан бир керемет жанмын деп бактылуу болом.

— Акчалуу айымдар сени жалгыз эс алууга чакырса барасыңбы?

— Буга чейин андай сунуштар болгон эмес. Болбой эле койсунчу.

— Тамак жасай аласыңбы?

— Ооба. Тамактын дээрлик бардык түрүн жасашты билем. Бирок, азыр көп тамак жасабайм.

— Сен тууралуу элге эң көп жайылып кеткен ушак кеп?

— Ммм… “Дайыр үйлөнүп анын баласы бар. Сүйлөшкөн кызы бул же тигил. Аялын катып жүрөт” деген сөздөр көп айтылат. Элди ким тыят? “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Былтыр үйлөндүм. Аны жашырбай эле айттым го…

— Сууда чабак урганды мыкты өздөштүрөсүң? Сууга чөгүп көрдүңүз беле?

— Сууда балык болуп кетем. Кудай буюрса жакшы сүзөм. Бирок, сууга да чогуп көргөм. Студенттик күндөрүмдө группалаштар менен Ысык-Көлгө барганыбызда жапайы пляждарда эс алып, ал жердин суусу таза болот деген максатта жыргап сууга түшүп жатканбыз. Сууга кирээр менен сууда калкып жатмай адатым бар. Бир маалда мен алыс жакка чабак уруп калкып жатып сууну бойлоп көрөйүн деп суунун түбүнө кирсем боюм менен тең бир балыр бар экен ошол жерден ызы-чуу болуп кеттиби айтор жээке балдар алып чыккан. Калганы эмне болгону эсимде жок…

— Ачык-айрым мүнөзүң бар? Бул мүнөз сага кимден өткөн?

— Бул мүнөзүмдүн болгону тарбиядан го деп ойлойм же ата-энемденби? Белгисиз… Негизи жакшы сапат. Бирок, кээде жакшысынан да жаман жагын көбүрөөк көрсөтүп коёт. Чындыктын баарын тең адамдардын түз эле бетине айтып салсам жактыра беришпейт. Ошондуктан, кээде чындык үчүн жаман көрүнүп калам.

— Кесиптештериңе көз артып, көрө албастык кыласыңбы?

— Менде ушундай сапаттар жок. Көз артпайм, көрө албастык да кылбайм.

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу