Дайыр Исмадияров менен Бегимай Бекбоеванын ортосунда эмне байланыш бар?

Дайыр Исмадияров акыркы кезде Бегимай Бекбоева менен жетелешип көп басып калды. Ошондон уламбы, “экөө кыз-жигитпи?” деген кептер чыгып жүрөт. Жакында өткөн Илгиз Абдалиевдин үйлөнүү тоюна экөөнүн чогуу барып, бир столдо жанаша отурган сүрөттөрү жогорудагы кептерге май тамызды. Ырчы мырза өзү бул тууралуу “Бизди кыз-жигит дегендер адашат. Экөөбүз дос да эмеспиз, мамилебиз ага-карындаштай. Болгону сүйүү, арман тууралуу “Биздин көчө” деген аталыштагы дуэт жаздырып, клип тартып жатабыз” дейт. Дайыр кептин нугун уулуна буруп, жигит чоңоюп калганын айтат. “Балам менен күндө видеочалуу аркылуу сүйлөшөм. Тим эле ширин, өпкүң келе берет, шоктугун айт”, — деп эзилип уулунун кылык-жоругун айтып бүтпөйт.

Булак: Супер Инфо 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу