Дайыр Исмадиаров, ырчы: «Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп инстаграмдан «көк белги» алдым»

Ырчы Дайыр Исмадияров инстаграм баракчасына «көк белгини» алганын сүйүнчүлөп, күйөрмандары менен бөлүштү.

Анда ырчы мындай деп жазган: «Инстаграм мага официалдуу түрдө «көк белгини» (галочка) койду. Мен абдан кубанып жатам, анткени Кыргызстан боюнча мага алгачкылардан болуп берилип жатат. Мага ишеним артканыныздар үчүн чоң рахмат!»

Мындай билдирүүдөн соң, интернет колдонуучулар тарабынан куттуктагандардан дагы «какшык» айткандар көп болду. «Эми «галочка» алдым деп ресторанга барып, той өткөр», «Сен дагы Самарадан калышпай майрамда», «Анжелика жете албай жатат, сиз кантип жетип алдыңыз?», айтор ушул сыяктуу билдирүүлөр калтырылды.

Эске салсак, миллион жазылуучу болду деп  Самара Каримова Ошто жакындары менен майрамдаганы жакында эле сынга алынган.

Инстаграмда «көк белги» медиа адамдарына, өздүк маалыматтары «фейк» эмес, башкача айтканда официалдуу баракчасы чыныгы баракча экендиги такталып, текшерилип, бардык тараптан активдүү колдонгон колдонуучуга берилет. Ал эми программисттердин айтымында «көк белгини» интернет айдыңын жакшы түшүнгөндөр программаларды жасоо жолу менен дагы алышат.

БУЛАК: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу