Дайырбек Орунбеков: «Элеттен көрсөм, энеңди үч коргондон көрсөтөм Илим ага!»

Илим Карыпбековдун «Айылдыктар» жөнүндө жазган пикири талкууга жем таштап көптөгөн адамдардын кыжырын келтирүүдө.

Журналист Дайырбек Орунбеков бул талкуу жөнүндө пикирин төмөнкүчө билдирди:

-Илим Карыпбековдун көзүнө ак көңүл айылдыктар, ниети таза тоолуктар  «АЛКАШТАР» болуп көрүнөт экен. Мамлекетти артка тартып жаткандар «бухарик айылдыктар» имиш.

Президенттин элетти өнүктүрүү жарлыгын КТРКнын директору шылдыңдап, элге башкача жеткирип жатат. Эми айылга барсаң, четинен кармап сени түйрүйт!

Чынында бул бала көөптүр, көзүн май басыптыр. Мурда дагы элден наалат угуп, кырсыктаган.

Ошондо «эми эсине келет»,-деп, ага жакшы тилек дагы айтканбыз. Көрсө эсине келбеген эсирген эси жок экен бул бала.

Ошонун алдында бир ырчы таанышым дагы ыйлактап келди эле. «КТРКга чыгайын десем, «башкача» кызмат көрсөт деп атат»,-деп. Ошондо дагы кыжырым келген.

Элеттен көрсөм, энеңди үч коргондон көрсөтөм Илим ага!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу