Дайырбек Орунбеков: «Коррупционерлерге жердешим деп болушпагыла, уурунун мекени, эли болбойт!»

«Фейсбукта» фэйктер жана фэйк эмес кээ бир адамдар деле активдүү жумушун баштады. Алар, Сапар Исаков, Алмаз Атамбаев жана алардын тарапташтарын колдоп, президентти сынга алып жазып жатышат. Болгондо дагы алар элди түндүк-түштүккө бөлүп, макулдашып алгандай трайбализм темасын көтөрүшүүдө.

Мамлекетти 6 жыл каалагандай тоноп, уурдап, байлыкты басып өзүмдүк кылып алгандар эми бет тырмачылыкка өтүштү. Алар, атайын Фейсбукта жазмакер топ түзүп, айлык төлөп жаздырып жатышат.

Урматтуу достор, мына ошол кылмышын жаап жашырып калуу үчүн, уурулугун «саясий куугунтук»,-деп башты айланткысы келип жаткан коррупционерлердин жалданма жазмакерлеринин бузукулугуна алдырып койбогула! Кимде ким элди түндүк түштүккө бөлүп, атайын чагымчыл постторду жазып жаткан болсо, аларды бузукулар деп белгилеп, жүзүн ачканга аракет кылалы. Уурунун орду — түрмө. Элдин байлыгын тоногон кан соргучтарга эч качан айоо болбош керек. Алар менин, сенин, балдарыбыздын келечегин жеп койгондор.

Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Кубанычбек Кулматов, Икрам Илмиянов, Албек Ибраимов жана алардын айланасындагы ууру, тоногуч, мите курттарга болушкандар, алар дагы мамлекеттин чыккынчылары, душмандары. Айрым чагымчылдар, «президенттик шайлоодо биздин колоттун эли Сапар Исаков үчүн Жээнбековду колдогон болчу»,- деп атайын жикчил пикир жаратууга аракет кылып жатышат. Туугандар, мамлекеттин, элдин байлыгын тоногон кылмышкердин МЕКЕНИ ЖОК, ЭЛИ ЖОК!

Дайырбек Орунбеков, «Маалымат.кж» сайтынын жетекчиси

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу