Дайырбек Орунбеков: “Жээнбеков жер сатты!”,- деген сөз “PR-группанын» чагымчыл маалыматы»

Кытай-Кыргыз ортосундагы элчиликтин имараты турган аймакты колдонуу боюнча келишимин, азыр башкача нукка буруп, “Жээнбеков жер сатты!”,- деп жер сабап жаткан атайын уюшулган “PR-группанын» чагымчыл маалыматына элдер алынып кетти окшойт. Чынында соцтүйүндөрдө таркап жаткан маалыматтар бурмаланган.
Кытай элчилиги, 2003-жылдан тарта эле аянты 3,3 гектар аймакка жайгашкан. 15 жылдан бери эле ошол аймакты колдонуп келе жатат, ал убакта эч ким айтып чыккан эмес. Кытай тарап, 3,3 гектар аймак үчүн ушул күнгө чейин жылына 700 миӊ сом төлөп берчү.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин имараты болгону 4 сотых аймакта жайгашып, ал үчүн Кыргызстан тарап  6 486 000 сом төлөп келгенбиз. Бул эки жактуу сүйлөшүүдөн кийин, Кытай Кыргызстандын элчилиги үчүн дипломатиялык шаарчадан 25 сотых жер берип, ал жерге 9 000 000 долларга имарат куруп, дипкызматкерлер үчүн турак жай дагы куруп бермей болуп жатышат. Болгондо дагы эӊ престиждүү деп саналган аймактан, Американын элчилигинин жанынан. Мындан кийин эки мамлекет теӊ бири-бирине ижара акы төлөбөйт. Биз, бул жерде утушта гана болобуз.

Маалыматты атайын бурмалап, “жер сатты!”,-деп элдин башын айлантып жаткандар, “жаӊы жер бөлүп берди” деген түшүнүктү сиӊиришти. Жок, туугандар. Ал, 15 жылдан бери эле колдонуп келген 3,3 гектар аймак. Бул эки жактуу келишим болбосо деле Кытай элчилиги ошол аймакта отура бермек. Биз ал жакта 4 сотых жерде жайгашып жүрө бермекпиз,  6 486 000 сом төлөп, Кытайдан 700 000 сом алып.

Биздин эгемендигибизди тааныган, кызматташкан мамлекеттин барына эле жер аймагын же имарат берилет. Россиянын элчилигине Кыргызстан тарап чоӊ имарат берген, убагында. Бул эл аралык эреже.
Ушунун пайдалуу жагын жашырып, азыр эптеп президентке көө жаба албай жаткандар бурмалаганы ачык эле көрүнүп турбайбы. Биз байкап жүргөн атайын каралагыч топ бир убакта, сүйлөшүп алгандай маалымат таратышты. Кылмыш иши козголуп, таасиринен айрылган, таарынычы тынчтык бербей жаткандар азыр атайын “каралагыч-мактагыч” группа түзүп, аларга айлык берип жатат. Алары атайын ушак таратуу менен алек…
Себеби, азыр Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибаримовдорго оор беренелер менен кылмыш иши козголуп, алардын Кыргызстанга кылган кыянаттыгы жөнүндө ар бир кыргызстандык кыжырдануу менен сөз кылып жаткан чагы. Мына ошол элдин наалатынан арылуу, элдин көӊүлүн буруу максатындагы алардын ушак-технологиясы.

Дайырбек Орунбеков

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу