Дайырбек Орунбеков: «Атамбаев ТЭЦ боюнча канча актанса деле, 600 долларлык кычкач абийирин ачып жатпайбы!»

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат!

Бүгүн, экс-президент Алмаз Шаршенович кезектеги кайрылуусун ТЭЦтин тегерегиндеги чырга багыттады. А дегенде эле сөзүн актанып, өзүнүн күнөөсү жок экенинен сөз козгогон. Экс-президентке ТЭЦ боюнча расмий айыптоо деле жок эле. Кызыгы укук коргоо органдары ооз ача электе эле актанып жатканы кайра шек жаратты.

Алмазбек Атамбаев ТЭЦти оңдоп-түздөө, жаңылоо эң туура болгонун көп жолу кайталап айткан. Анын айтканында калет жок, эч ким ТЭЦ жаңыланбасын деп айткан деле эмес. Кеп, ТЭЦти жаңылайбыз деп уурдалган миллиондор жөнүндө болуп жатат. Маселен, ТЭЦти жаңылоо Бакиевдин бийлигинин тушунда башталып, азыркы ТВЕА менен Максим Бакиев сүйлөшүү жүргүзүп, 150 миллион доллар менен келишим түзмөк болушкан. Максим Бакиевдин жанында жүргөн Сапар Исаков ошол кездеги сүйлөшүү процессине аралашкан. Кийин, Бакиевдин бийлиги кеткенден кийин, Атамбаевдин командасында бийик даражага жеткен Сапар Исаков ошол сүйлөшүүнү уланткан. Бирок, 150 миллион долларга эмес, пайызы менен 386 миллион долларга келишим түзүлгөн. Эмнеге Максим Бакиев түзмөкчү болгон 150 миллион доллар, 386 миллиондук болуп көбөйгөн? Аны 600 долларлык кычкачтан кийин, чыккынчылык келишим менен түзүлгөн ири коррупциялык схема экенин так айтсак болот.

Мындан тышкары, элдин көзүн боегон Сапар Исаков «Лигласс» деген аты-жыты жок компанияга 12 ири жана чакан ГЭС куруу укугун берди. Көз көрүнө элди шылдыңдап, каратып туруп алдады. Бул үчүн бети кызарып дагы койгон жок. Укуктук эмес, моралдык дагы жоопкерчиликке тартылбады.

Атамбаевдин балдары энергетика тармагына ортомчулук кылып, ГЭСтен наркы 21 тыйындык электр энергиясынын 1 кВт элге 70 тыйындан сатып байышты. Мамлекеттин энчисин, элге сатып байышты.

Музейдеги абалды айтпай эле коелу. Сапар Исаков куратор болгон проект кызылдай эле уурулук экени көрүндү. Борбордогу музейдин ремонтуна эле 1 миллиардга жакын доллар сарптадык дешкен.

Эми, ушундай афералык схема менен түзүлгөн коррупциялык бийликтин туу чокусунда отурган Алмазбек Атамбаев азыр акмын, тазамын десе ким ишенет?

Кыргызда айткандай, «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат»,-дегендей болуп жатат. Анын бүгүнкү кайрылуусун окусаң, сабыры бош адамдар Атамбаевди кучактап алып эле көз жашын көлдөтүп чогуу ыйлачудай даярдашыптыр.
Мынтип, кууланып, элдин башын айлантып, тарых алдындагы абийир жоопкерчилигинен кутулуп кетем дебеши керек. Атамбаевдин атын атай электе, мынтип алдын-ала актанып жатканы, эл арасында «баарына Атамбаев күнөөлүү» деген шек саноо ишенимдер кайра бекемделип жатат.

Музейге баасы 14 800 € сатылып алган жыгач эшек, ТЭЦке 600$ сатылып алынган кычкачтан кийин Атамбаев кантип тазамын дейт?

Атамбаев жата берип, урунарга тоо, урушарга жоо таппай калса керек, маркум өзбек президенти Ислам Каримовго дагы асылып алды. Өлгөн кишини жайына тынч койбойбу…

Д.Орунбеков

Аргумент.kg
Жооп калтыруу