Дагы эки аял президенттикке талапкерлигин коюшту

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары
көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, 1953-жылдын 31-августунда туулган,
«Улуу чындык» коомдук фондусунун төрагасы Таласбаева Токтобүбү Тентиевна арыз
менен кайрылды.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти
кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жараны,
1961-жылдын 13-октябрында туулган, «Дос Береке-1» ЖЧКнын консультанты
Токтосунова Дамира Маданбековна арыз менен кайрылган. Бул тууралуу КР БШК
аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

2017-жылдын 19-июлуна карата Борбордук шайлоо
комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына
өзүнөзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз
Республикасынын 27 жараны (Н.Нышанов, Ө.Текебаев,
А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов,
К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов,
Р.Карасартова, Турсунбай Бакируулу, З.Муратбекова,
С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев,
А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков,
У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, ШерикулуулуМирлан, А.Бекназаров, Т.Таласбаева,
Д.Токтосунова) арыз менен кайрылган.
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлерин көрсөткөн 5 саясий партиянын
(Т.Сариев – «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы,
Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров-«Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы”,
С.Жээнбеков – «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы) чечими келип
түшкөн.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу