Дагы кайсы талапкер четтеп, дагы кимдер биригет?

“Ат дарбыса эшек кошо дарбыйт” ,-болуп алгач президент болууну каалаган 59 талапкер
катталган болчу. Арасында улам 5-6 жылда талапкерлигин коё берип тарпы чыгып
бүткөндөрү да бар болчу. Бирок ар кандай шайлоо эрежелерин аткара албагандыктанбы
же ичтеги жели чыктыбы, айтор акыркы маалымат боюнча алардын саны 24 кишиге
түшкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Кыскасы, алдыдагы бир жарым
айдын аралыгында дагы бир топ талапкерлер жарыштан четтеп же бири-бири менен
биригип кетери күтүлүүдө. “24 талапкер мыйзамдын талаптарын аткарды.
Документтерин тапшырып, кол чогултушту, ошондой эле кыргыз тили боюнча экзамен
беришти. Анын төртөө расмий катталды, калганы текшерилип жатат”,- деп билдирди
БШК. Ошол эле учурда өткөн ишемби күнү комиссиянын жыйынында 20 талапкердин
арызын канааттандырбоо боюнча чечим чыккан. Анын 15и белгиленген мөөнөттө
чогулткан колун тапшыра алган эмес, дагы бешөө мамлекеттик тилди биле турганын
тастыктаган сертафикаттарды көрсөтө алган жок. Бирок талапкер катары катталгандар 4-
5 эле болууда. Демек, 15-октябрга чейин 24 талапкердин жок дегенде жарымы жарыштан
чыгып калышы да мүмкүн. Анткени марафондо чуркаган күлүктөрдөй эле өзүнө
ишенбегендер “тандемге” барышып, шайлоого бирге аттануу тууралуу сүйлөшүүлөр
жүрүүдө. Сыягы, 15-октябрга чейин марага ашып кетсе 3-4 талапкер жетет, шайлоонун
тагдыры 2-турда чечилет деген божомолдор чын окшойт.

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу