Дагы бир Атамбаевдин убагында башталган коррупциялык ишке Сапар Исаковдун аты аталды!

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз доорунда “Коррупционерлердин орду түрмөдө” деп ач-айкырык сала бергени менен өзү чыныгы коррупционерлерди колтугуна корголоп, алтургай алардын карьерасын өстүрүп отурганы белгилүү болуп калды.

Ал бийлигин өткөрүп бергенден көп өтпөй эле Бишкек ТЭЦиндеги авариядан соң, аны модернизациялоодогу ири коррупциянын бети ачылган. Бир кычкач 640 доллар, бир байкоо жүргүзүүчү видеокамера 14500 доллардан документтештирилгени ачыкка чыккан.

Эми анын артынан Улуттук Тарых музейин реконструкциялоодо да ири коррупция жойлоп кеткени билине баштады. Буга чейин адегенде музейге жыгачтан жасалган аттарды 14000 евродон сатып алууну пландап жатышканы билинген. Аны тастыктаган документтер да соцтүйүндөргө жарыяланган. Андан тышкары «Барсбек» деп аталган жыгач инсталляциясынын ар бир жыгачы 600 долларга алынганы, андайдан 54 даана экени билинген.

Музейди реконструкциялоодогу дагы бир чоң чыгым – бул фотопанорама болгон. Андай панорамадан 12 даананы коюну пландашкан. Ошондо жалпысынан ал 240,8 миң еврону чапчый турганы билинген.

Мындан тышкары эми консультативдик-дизайнерлик кызмат үчүн 394 миң евро сарпталганы белгилүү болду. Бул ишти жасоо үчүн эч кандай тендер өткөрүлбөй, жөн гана конкурс өткөрүлгөн. Баасы да өтө эле жогору. Айтор, музейди реконструкциялоону уюштурууда жана аны жасоодо мыйзам бузуулар болгондугун жана баалар асмандатылганын “Ата-Мекен” фракциясынын Тарых музейиндеги көчмө жыйынында депутаттар билдиришти.

Мына ушул фактылар боюнча Башкы прокуратура баарын иликтөөгө ала турган болду. Муну башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Эске сала кетсек, мына ушул музейди реконструкциялоо ишинин башында да Сапар Исаков турганы белгилүү. Ошондо ага карата дагы бир кылмыш иши козголушу мүмкүн болууда.

«УЧУР»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу