Давлет Жапаров: «Агам Садыр “мен күткөн эле чечим болчу” дептир»

Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин карап, мурдагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Бир тууган иниси Давлет Жапаров соттун чечимин укканда  көзүнө жаш алды. Садыр Нуркожоевдин тарапташтары сотто нааразычылыгын билдиришти. Биз Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровду кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

Давлет байке, чечим күчүндө калганын укканда Садыр Нуркожоевич кандай абалда болду?

-Биз ичибиз ачышып, көзүбүзгө жаш алсак, агам Садыр “мен күткөн эле чечим болчу” дептир. Менимче чечим күчүндө калаарын күн мурунтан эле билсе керек…

 Буга чейин Жогорку сотто акталат деп 100 пайыз ишендиңер беле?

— Албетте, ишенгенбиз. Себеби, мурда уруп-сабап жалган күбө катары мажбурланган Кенжебек Жумабаев камактан чыгып, Кудай алдында күнөөкөр болуп калбайын деп, Жогорку сотко арыз менен кайрылган. Садыр Жапаповдун эч кандай күнөөсү жок, бул ишке катыштыгы да жок деп. Жогорку сот аны караганда жок, эске алган да жок. Мурдагы жасалма күбөлөрдү чакырып, сурап койгула деп адвокаттар өтүнүч киргизсе угуп да коюшкан жок. Биз мынчалык мыйзамсыздыкка барат деп ойлогон эмеспиз. Башкасынан болбосо да, жогорку сот адилеттүү чечим чыгарат деп чын дилибизден күткөнбүз. Минтип Жогорку сот деле мурдагы соттордон айырмаланбай ошол эле чечимди күчүндө калтырып, чындыкты төө басты кылышты.

 Адвокаттардын мыйзамсыз чечим деп күйүп-бышкандарын уктум. Эмне үчүн соттор жаңы жагдайларды эске алышкан жок?

-Мыйзам иштеген өлкө болсок Жогорку сот 100 эмес, миң пайыз агамды актап чыгарыш керек болчу. Биздин өлкөдө тилекке каршы дагы деле мыйзамдуулук орной элек экен. Президентибиз Сооронбай Шарипович сотторду чогултуп алып жыйналыш өткөргөндө  эми мыйзамдуулук орнойт экен деп, баарыбыз кубанганбыз. Бирок кубанычыбызды таш капты. Минтип агам ак жерден камалганы аз келгенсип, биз ишеним арткан Жогорку сот да мыйзамсыз чечим чыгарды.

 Бул жерде кимдир бирөө сотторго мурдагыдай эле тымызын тапшырма берип жаткан жокпу?

-Азырынча бирөөнүн тапшырмасы аткарылып атат дегенден алысраак болуп туралы. Анткени, азыркы соттор мурдакы президенттин соттору да. Ошол үчүн азыркы президентибиз тараптан тапшырма берилип атат деген ой азырынча жок. Эмне үчүн ушундай болгонунун баары башкы прокурордун жообунан кийин белгилүү болот. Себеби, башкы прокурор азыркы президентибиздин таза иштеп берет деп ишенген кишиси да. Биз эми Башкы прокурорго кайрылып, ишти кайра баштан кароону суранабыз. Агамдын ак экенин далилдөөгө аракет кылабыз.

— Башкы прокуратура жаны ачылган жагдай жок деп Текебаевдикиндей кылып карабай койсочу?

— Жаны ачылган жагдай боюнча адвокаттар башкы прокуратурага арыз бергени жатышат. Башкы прокуратыранын чечиминен кийин жогоруда айткандай баары белгилүү болот. Текебаевдики менен менин агамдыкын салыштырып болбойт. Текебаевге Модин менен Маевский жаңыдан башкача көрсөтмө берген жок да. Агамдыкында болсо УКМК жасалма кылмыш иш токуп сегиз жылга соттоп жиберип, анан мына эми сегиз жыл олтурасыңбы же сурак протоколуна Садыр Жапаровго каршы көрсөтмөгө кол коюп бересиңби деп соодалашып, аларды күбө катары өтүп берсең сени чыгарабыз. Макул эмесмин десең 8 жылга камайбыз. Амнистия жана башка эч нерсе колдонулбайт деп коркутушканын өздөрү айтып беришти. Баса, күчкө салып көрсөтмө бердирген Кенжебек Жумабаев “мени Жогорку соттон да өткөрүп жибердиңер, эми кантип чыгарасыңар, же жаңы жагдай жок болсо” десе,  «Атамбаев менен сүйлөшүп койдук, помилования менен чыгарып жиберебиз» дешиптир. Айткандарындай эле агам соттолоору менен бир айга жетпей чыгарышыптыр. Кечээ жакында агам Жогорку сотко бергенин интернеттен көрүп, Кенжебек Жумабаев Жоргоку сотко кайрылды. “Мени кыйнап коюушту. Мунун баары жалган. Мени помиловать этип чыгарыштыю Бирок, мен  буга макул эмесмин. Мен акталышым керек. Мени «жалган жалаа менен иш козгоп» соттошкон” деп айтып чыкты. Чынында эле сокур кишиге деле көрүнүп турбайбы. Мыйзамды тебелеп өтүп, саясий соодалашуунун негизинде, эптеп эле агамды камаш максаттары болгону жинди кишиге деле көрүнүп  калды. Кандай айла кылышса дагы “Ак ийилет бирок, сынбайт”. Агам эртеби, кечпи чыгып, мекенине ак кызматын өтөйт. Анткени, агам жеке керт башынын кызыкчылыгын эмес, элдин маселесин көтөрүп, мамлекеттин эртеңи үчүн жан үрөп жүргөн. Ал ошо мээнеткечтигинин, мекенчилдигинин кесепетин тартып, ак жеринен камалып отурат. Аны эч ким тана албайт.

 Жаңы бийлик эмне үчүн саясый негизде камалгандарды эркиндикке чыгарбай жатат?

– Чынын айтсам, айтыш кыйын болуп турат. Эмне максаттары бар экенин чыны менен түшүнбөйм. Менимче булар чыкса тоскоол болушат деп  жатышат окшойт. Тескерисинче саясий туткундардын баарын бошотуп, элден алкыш алса болмок. Кудай алдында да сооп тапмак. Менин оюмча саясий туткундарды чыгарса  Сооронбай Шариповичке зыяны эмес, жардамдары гана тиймек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу