Дааватка тыюу салууга убакыт жетти

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документте: «Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм-психологоиялык  жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттерине тыюу салынат. Мыйзамды бузгандар административдик жазага тартылат»-деп жазылган.  Бул абдан туура чечим болот. Болбосо «чала молдо дин бузат» дегендей, дааватчылар узун этек көйнөк-дамбалдарды кийип алышып эшик жыртып, айланы кетиришти. Окуган намаздарын тынч эле окуй беришсин, ар кимге түшүнүп-түшүнүшпөй эле динден таалим өтөбүз дешпестен…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу