Гүлшайыр Садыбакасова: «Сайкал менен Максаттын ажырашканы калп…»

КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова демилге көтөрүп, кыргыз эстрадасынын дөө-шаалары менен биргеликте «Кыргыз эстрада ишмерлеринин союзун» түзүштү. Учурда башка иштерин баштай элек болгону менен шоу-бизнес өкүлдөрүнүн урушкандарын табыштырып, аксакалдык кебин айтып туура жолго салган мисалдарын угуп, аталган союздун ишине кызыктык.

-Гулшайыр айым, ырчылардын союзун түзүптүрсүздөр, союздун максаты кандай? Кандай иштерди аткарат?

— Ооба, биз «Кыргыз эстрада ишмерлеринин союзун» түздүк. Тең төрагалары Юрий Бобков экөөбүз. Биздин азыркы күндөгү коллегия мүчөлөрүбүз жыйырма бир адамдан турат. Союздун өзүнүн уставы, кабыл алган милдеттемелери бар. Милдеттемелердин ичинде шоу- бизнестеги болуп жаткан көйгөйлөрдү, ар кандай пикир келишпестиктерди чечүү боюнча аксакалдар кеңешин түзгөнбүз. Ошол аксакалдар кеңешинде кээ бир маселелерди алып чыгып карап, араздашкан тараптар болсо ортого түшүп жараштырып, ушундай иш-аракеттерди жүргүзүп атабыз. Өткөндө ырчылар менен съезд кылалы деп кеңешсек «азыр тойлорубуз бар, колубуз бошобой жатат. Январь айында тойлор токтоп, баарыбыз үйдө жаткан мезгил болот, ошондо кылалы» деп сунуш киргизишти. Эми, ошол январь айында чоң чогулуш өтөбүз. Ошондо улуу, орто муун, кичүү муун болуп, бардык эстрада ишмерлерин чакырабыз. Алар менен бирге Маданият министрлигинен, өкмөттөн, кыргыз патенттен, журналисттерди да кошо чакырып, көйгөйлөрүбүздүн баарын көтөрүп чыгып, чогуу талкууга коёбуз. Азыркы ирээнжитерлик стилди тандап алып жаткан жаштарга ой-пикирлерибизди айтып, кыргыз жыттанган ырларды жаратууга чакырсак деген жакшы тилектерибиз бар. Уй-жайы жок өнөр адамдарына да үй маселесин чечип берсек дейбиз. Ошондой эле азыр айрым журналисттер тактабай эле маалыматтарды таркатып калышты. Биздин союздун алдында үч юрист болот, алар ушул сыяктуу маселелер менен иштешет.

— Сиздердин айткан акылды укпай тескери карагандары да болот бекен?

— Азырынча тескери карагандары боло элек. Эми январь айындагы съездден кийин андайлар да чыкса керек. Өзү жерде эле, бирок кыялы менен асманда жүргөндөр толтура да. Ошолордун баарын тартипке чакырыш биздин милдет болуп турат. Негизи мындай ызычууну биз деле каалабай турабыз, бирок бизден башка ким ушуга көңүл бурат? Жакында эле ызы-чуу болду, эки тарапты жараштырганга аракет кылдык.

— Нурзат Токтосунова менен Айгерим Расул кызынын ызы-чуусун сиздер токтотконуңуздарды уктук, ошону айтып жатсаңыз керек?

— Ооба, Нурзат менен Айгеримдин ортосунда пикир келишпестик болуп кетип, ал тууралуу  экөө тең социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышыптыр. Мен алардын посту чыккандан кийин 8 сааттан соң билип калдым. Экөөнүн тең ой-пикирин угуп, сүйлөшүп, постто- рун дароо өчүрттүм. Алар чыгарары менен сайттар, каналдар көчүрүп алышып талкалай беришет экен. Анын баары чогулуп олтуруп стресс, канча ооруларды пайда кылат. Өнөр адамдары сыртынан күлүп жүрө беришет, ал эми ичиңден эзиле бересиң. Ошентип жүрүп канчалаган алтын адамдарыбызды жоготуп атабыз. Союз мезгилинде бизди Маданият министрлиги тескеп турчу, партия деген неме тартипке чакырып койчу. Азыр андай «кой-ай» деген система жок, демократия болуп кетти. Ошондуктан ар ким оюна келгенди кылып аткандыктан, ушул деңгээлге түшүп кеттик. Эми ошол деңгээлибизди көтөрүп, маданияттуулукка барышыбыз керек. Маданият өкүлдөрү өзүбүз ма- данияттуу болбосок, элди кантип маданияттуулукка чакырабыз.

— Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын чырын  да сиздер токтотконуңуздар чынбы?

— Чын. Айчүрөктү өзүнчө, Анжеликаны өзүнчө чакырып ойлорун уктук. Ар бир тараптын өзүнүн чындыгы болот. Ошол чындыктардын кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес, далилдеп, тактап, айтып атабыз. Элдер алар менен кошо бизди эзип атышат да. «Ушу артистер тажатты» деген сөздөр бизге да тийип атат. Ошолордун баарын айткандан кийин эки тарап өз учурунда тыйылган. Биз мунун баарын милдет кылбайбыз, бул биздин аталык, энелик милдетибиз.

— Юрий Бобков экөөңүздөр тең  бош адам эмессиздер дегендей, бул милдеттериңиздер үчүн айлык акы төлөнөбү?

— Айланайын, бизге айлыктын кереги жок. Шоу- бизнестеги замандаштарыбыз, кыздарыбыз, балдарыбыз, инилерибиз, сиңдилерибиз чыгармачылыгын өркүндөтүп, жакшынакай турмушта жашаса, ошол бизге айлык, сыймык болот. Чынында убактым абдан тар, бирок ошого карабастан бул союзду да түзгөнгө аракет кылдым. Азыр интернетти ачып атып «дагы эмне балээ болуп кетти экен» деп жүрөгүм ооруп турат. Өзүм кирбей калган учурларда «интернет тынчпы?»,- деп жакындарымдан сурап турам. Юрий Бобков экөөбүз азыр көп балалуу ата- энедей эле болуп калдык.

— «Кыз-Бурак» тобундагы кыздар  улам эле алмашып атышат. Учурда топто кимдер бар?

— Улам жыл өткөн сайын башкача муундагы кыздар келет. Дагы он жылдан кийин башкача тартиптеги, башкача көз караштагы кыздар келсе керек. Учурдагы кыздардын бирөөсүнөн башкасы орус чалыш кыздар экен. Аларды азыр нукура кыргыз кылайын деп көп эмгек кылып атам. Эгерде талыкпастан эмгектенип, Сайкал экөөбүз айткан талаптарды аткара беришсе, Кудай буюрса 1-2 жылда жаркылдаган жакшынакай топ болуп чыга келишет. Быйыл «Кыз-Бурак» тобунун түзүлгөнүнө 40 жыл болду. Буюрса, кеч күздө юбилейлик концертибизди берсек деп турабыз.

— 40 жылдан бери тажап, топту иштеткиңиз келбей калган учурлар болду беле?

— Топтун ишин бир нече жолу токтотком. Кайра эле ачуум тарагандан кийин «кой, уят, элдин баары карап турса. Бизди эл күтүп атат» деп кайрадан баштап кирем. Бирок кийинки учурларда кыздар топто мурдагыдай көп кармалбай атышат. Бүгүнкү күндө Орусия жана күйөөгө тийүү деген нерсе — «Кыз-Бурактын» чечилбей турган олуттуу маселелеринин бири. Азыркы кыздардын ата-энелери менен 5 жылдык келишим түзгөнбүз, анын бир жылы Сайкалдын турмушка чыгуусу менен токтоп калды. Кайра кыбырап клиптерди тарта баштаганыбызга эки эле ай болду. Азыр катуу иштеп атабыз.

— Азыр сайттар «Макcam менен Сайкал мыйзамдуу түрдө ажырашты»,-деген маалымат чыгарып атышат. Ошонун канчалык чындыгы бар?

— Мен азыр эч нерсеге  таң калбай калдым.  Эч нерсеге кайгырбай деле калдым. Себеби ушак жашообузда биринчи орунга чыгып калды. Андыктан терикпейм, таарынбайм, жазса жаза беришсин, айтса айта беришсин. Эгерде мен чындап соттошсом, алардын түбүнө чейин жетем. Сайкал менен Максаттын ажарышканы калп, Кудай эле сактасын. Азыр Максат менен Сайкалдын баракчасын кирип адамдар жазган ой-пикирлерди окуп күлчү болуп калдым.

— Эркин балаңыз мектепти аяктадыбы?

— Эркин учурда Агахан мектебинде 11-класста окуп атат. Англис, француз, испан тилдерин абдан мыкты үйрөнүп атат. Буюрса, Францияга барып окусам деген тилеги бар. Аны мен да колдоп турам. Жаштар өсүш керек, баламдын каалоосу болсо жиберем. Сагынат элем, жалгыз баласын  деп булардын келечегине балта чаппаш керек. Информатика, кийим боюнча дизайнер, тил, ушул үч тармактын бирин тандасам деп турат. Кудай буюрса жакында- ганда тандайбыз.

Динара ЧОКОЕВА 

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу