Гүлшайыр Садыбакасова: «Мен азыр эки кызыма да нааразы болуп турам. Кенже 45 жаштагы аял сабыр сакташы керек болчу…»

«Кыз Бурак» тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова азыркы таптагы ырчы кыздарынын чырынабы, айтор өздүк баракчасына, «Кыздарыма, балдарыма ыйман, ынсап, сабыр бер! Адашкандардын акыл-эсин кайтарып, тообосун жандыра көр!» -деп жазып калтырган билдирүүсү  бар.    Бул жазган постту тууралуу сайттардын бирине берген маегинде: «Мен бул окуялардан кабарым жок эле. Эл айканынан шашып интернетти ачсам эле ызы чуу болуп калыптыр. Аябай көп суроолор болгонунан Айжамал да жинденип автоматтык түрдө жазып чыгыптыр. Мен калпыстык болуп кеткенин сездим. Кенже менен көптөн бери сүйлөшпөй калгандыктан ортого аттуу баштуу адамдарды салып постторун өчүрүп салсын деп айттырсам «мени менен иштери болбосун» деген жооп айтыптыр, бирөөсүнүн да тилин албаптыр. Кенже өзү кызуу кандуу, бат жинденип кетет. Бетме-бетке түз эфирге барганда да эчнерсе чечилбейт, ал жерде да кайым айтышуу болот. Ал жерге 30 кызды алып барып эле бир жыйынтык чыгарбаса. Андай жерде сөзгө чечендер жеңишке жете берет. Мен азыр эки кызыма да нааразы болуп турам. Мен ортодо калдым. Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек. Мага болду жетишет, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, баарын акылга салып буюрса жакшы жагына чечилет деп турабыз. Айжамал автоматтык түрдө айтып алдым деп жатат, Кенже 45 жаштагы аял сабыр сакташы керек болчу»- дейт Гүлшайыр Садыбакасова. БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу