Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти, Ош филармониясынын директору: “Бабановго эне катары нааразы болдум, анын түбүнө жанында жүргөндөр жетет”

— Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы жолугушуусуна бут тосуп, филармонияда жолугушуу башталганда жарыкты өчүрүп салыпсыздар. Буга эмне себеп болду?

— Бул ыпылас ушак. Аны Бабановдун жанында жүргөн адамдар таратышы мүмкүн. Анткени, бирге жүргөндөр Акаев, Бакиев заманында чоң кызматтарда иштеген адамдар. Алардын максаты кандай болбосун азыркы бийликти күнөөлөп, элге жаман көрсөтүү экен. Мен өзүм далай президенттер менен иштешкен адам катары мындайды биринчи жолу көрүп жатам. Эгер мен же бийлик аларга бут тосо турган болгондо залды бербей коймокпуз. Ар кандай шылтолорду айтып бут тосмокпуз.

— Жарык кантип өчүп калды анда?

— Бабановдун эл менен жолугушуусу түшкү саат 1де болмок. Саат 11де филармониядагы жарыктын бир зымы өчүп калды. Заматта РЭСке байланышсак алардан эмес экен. Көрсө биздин жер төлөдөгү бир зым күйүп кетиптир. Аны тез эле оңдоп, свет күйдү. Түшкү саат 12ге 20 мүнөт калганда жарык болду. Бабановдун жолугушуусу 1,5 сааттан кийин башталды. Эч кандай жарык ѳчкѳн жок.

— Буга чейин Оштогу жетекчилер Бабановго бут тоскула деген тапшырма берген жок беле?

— Бир жарым ай мурда Өкмөттүн Ош облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев баарыбызды чогултуп талапкерлерге бирдей мамиле кылууну тапшырган. Андыктан бийлик тарабынан бут тосуу болгон да жок, болбойт дагы. Бабановдун жолугушуусу алдында аны коштоп жүргөн адамдар менен кабинетимде каткырып эле сүйлөшүп отурганбыз. Андан кийин “бут тосту” деп ушак таратканына эне катары, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп келген адам катары абдан капа болдум. Бет тырмоолуктун да чеги болот. Бабановдун түбүнө ушул жанында жүргөндөр жетет.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу