Сайкал Садыбакасованын жолдошу Максат Довранов Гүлшайыр Садыбакасованын бүгүнкү туулган күнү менен өздүк баракчасына куттуктап, төмөнкүчө жазды: «Биздин сыймыгыбыз Гүлшайыр апа, бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайм! Эл арасында эмгек менен кадыр-баркты таптыңыз. Эми эмгектин үзүрүн көрүп, узак өмүрдө, чын ден соолукта бар болуңуз. Сиздей күчтүү, намыстуу, сыймыктуу адамдын уулу болуп жүрүү мен үчүн сыймык. Эч кайгырбай, күлүп-жайнап, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз. Аллахым сизге күч-кубат, көптөгөн ийгилик берсин»-дейт Максат Довравнов.
Бул куттуктоону окуган интернет колдонуучулар, «Келинчегиңди да куттуктап койбойсуңбу?»-деген сыяктуу суроолорун калтырышууда.
БУЛАК: argument.kg