Саламатсыздарбы урматтуу редакция! Атым Гүлшайыр, жашым 28де. Үйлөнгөндөн бери кайната-кайнене менен турабыз. Кайненем келинге өтө катуу. Эмне кылсам жакпайт. Күйөөмдү мага каршы тукуруп эле турат. Акыркы 3 жылда жолдошум кол көтөргөндү адатка айлантып, алды.
Мындан бир жума мурун,өлгүдөй сабады. Соо жерим жок. Көкаламды көрүп кайын-журтум көрмөксөнгө салып, кайра сүйүнгөн сыяктуу. Көзүм канталап калганынан кошуна доктур эжеге барсам, капелярларың жарылып кеткен дейт.
Эмне кылышты да билбейм. Ажырашайын десем 2 балам менен кайда барам. Төркүнгө балдарым менен эмес өзүмдүн батышым күмөн. Чыдайын десем, ур-токмок жеп жүрүп эле өлүп калчудаймын.
Күйөөм такыр эле мал катары мамиле кылат. Өлтүрө сабайт, анан өзүнүн кумарын кандырат. Кеч киргенде ушунчалык заарканып, барам жанына.
Булак: NazarNews.kg