Гүлшайырга куттук сөз!

Адатта аял заты баштаган иш оң болбойт дегендер да жок эмес. Бирок, жашоо-турмуш мисалдарын карап көрсөк таптакыр андай эмес экенине ынанып кетесиң. Кээде дал ошол аял заты колуна алган жумуш  абдан ийгиликтүү жүрөт. Дал ошондой зайыптардын бири азыр кыргыздын жамы журтуна аттын кашкасындай белгилүү болуп калган, жалаң таланттуу кыздардан турган «Кыз Бурак» чыгармачыл тобунун жетекчиси,  Гүлшайыр Садыбакасова болуп саналат.  Айрым бир маалыматтарга таянсак  дал ошол «Кыз Бурак» тобунун  мектебинен,   кадимки Кубик тамашалагандай 270ден ашуун кыз уядан учкан экен. Бир топтору өз алдынча чыгармачылык сапарын ийгиликтүү улантып кетишти. Бир далайы жашоодон татыктуу ордун табышты. “Кыз Бурак” тобу өлкөбүздүн кайсы гана аймагына барбасын, көрүүчүлөрдүн эңсеп күткөн  чыгармачыл коллективине айланды. Мындан он чакты жыл мурун болгон бир окуяны айтып кетейин. «Кожомкул» атындагы спорт сарайынын ошол кездеги жетекчиси менен  “Замана” програмасында  маектешип калдым. Анда, кайсы ырчылардын,  же топтордун концерттери ийгиликтүү өтөт деп сурасам: «“Кыз Бурак” тобунуку канча жолу коюлса да, дайыма аншлаг менен өтөт, ашыкча билет сурагандар да бар”-деп жооп бергени эсимде.  Албетте, мындай көрүнүшкө жетекчи катары Гүлшайыр Садыбакасованын эмгеги зор экендиги талашсыз. Азыр болсо, “Кыз Бурактын”  жаңы муунда ырчылары эжелеринин жолун  татыктуу улантып келүүдө.

Бул күндөрү Гүлшайыр Садыбакасова жарык дүйнөгө келген учурун кызуу куттуктагандар арбын болууда. “Аргумент.кж” сайтынын жалпы эмгек жамааты да Гүлшайыр Садыбакасованы чын жүрөктөн куттуктап, күжүрмөн эмгегин талбай алдыга жылдыра беришин тилек кылат.

Олжобой Токтосунов  

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу