Гүлнүр Асанованын кыз узутуусунан фоторепортаж

Бүгүн, 5-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде ырчы, актриса Гүлнур Асанова турмуш жолуна аттанды. Бул күнү ырчынын өмүрлүк жолдошу таластык Бактияр Аубакиров аттуу жигит экени белгилүү болду. Ал: «Гүлнурдун адамдык мыкты сапаттарын, жөнөкөйлүгүн жактырдым. Аны дайыма сыйлап, сүйүп алып жүрүүгө 100 пайыз убада берем», — дейт. Ал эми ырчы жолдошу менен аны тагдыр тааныштырып, тагдыр кошконун, анын айткан сөзүнө турган чечкиндүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн бааларын айтат.
Ырчынын жакшылыгында кыргыз шоу-бизнес дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар Саламат Садыкова, Гүлжигит Калыков, Самара Каримова, Роза Шакирова жана башкалар болушту.

Ырчыга сөйкө салуу учуру

Гүлнур Асанованын апасы

Гүлнур Асанованын эжеси Айнура Асанова

Гүлнүр менен Бактияр

Эки жаш жакын туугандары менен

Ырчынын кайнене кайнатасы

Гүлнүр Аанованын кайын журту

Куда кудагый

Булак: супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу