Гүлнур Асанова, ырчы: «Элдин табитин салмактуу чыгармаларга бурсак жакшы болмок…»

Салабаттуу, келбеттүү, аткарган чыгармалары салмактуу ар  дайым комузу колунда, улууга да кичүүгө да жага билген ийкемдүү ырчы кызыбыз Гүлнур Асанова менен кызыктуу маек курдум. Ырчынын айтымында “Көп профессионал ырчылар тойлорго ылайыктап, элдин табитине жараша ыңгайланышабыз деп жатып той ырларына басым жасап жатышкандай. Чындыгында элдин табитин салмактуу ырларга бурсак жакшы болмок дейт каарманым. Толугу менен маектен окуй аласыздар.

— Гүлнур, сиз актриса катары эрте жашыңыздан таанылдыңыз. Андан соң профессионалдуу ырчы, дастанчы катары таанылып келесиз. Адатта жашынан атактуулуктун даамын татпаш керек, жылдыз оорусу менен ооруп кетет дешет. Сиз ошол учурдан кандай өттүңүз? Жылдыз оорусуна кабылган жок белеңиз?

— Туура айтасыз, кино тармагына 6 жашымдан баштап аралаша баштадым. Ушул убакытка чейин кино жаатынын ысык-суугуна кабылдым десем болот. Кичинекей кезимден бери эле ырга жакын болуп, музыка тармагына абдан кызыкчумун. Кудайым буюруп, орто мектепти бүтүрүп келген соң, шаардан профессионалдуу музыкалык билим алып, жогоку окуу жайды бүтүрдүм. Окууну аяктаган соң, кыргыздын салттуу музыкасын дүйнөгө таанытуу максатында көптөгөн чет өлкөлөргө барып, кыргызымдын намысын коргоп келдим. Жакында эле Астана шаарына барып өз өнөрүбүздү көрсөтүп келдик. Ал эми жылдыз оорусу тууралуу айта турган болсом, кичинекей кезимден тартып чыгармачылыкка аралашкандыктан бул ооруга чалдыктым десем туура эмес болуп калат. Себеби мен жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгом, ата-энем, бир туугандарымдын бардыгы эле жөнөкөй кишилер. Ошондуктан алардын тарбиясын алып, эч кандай жылдыз оорусуна чалдыккан жокмун. Анын үстүнө мен тартылган кинолор, Кыргызстанда совет доорунан кийинки эле жаңыдан тартыла баштаган алгачкы кинолордун бири эле. Ошол тасманын артынан туулган жерим Таш-Көмүр шаарынын элине жакшы эле таанылып калгам. Мындан улам борборго келгени сиз айткандай, мени актриса катары таанып жүрүштү. Тасмадагы атым Алтынай болгондуктан, бардыгы Алтынай деп кайрылышчу. Ошого көнүп калгандыктанбы, бул мага көнүмүш эле нерседей сезилчү.

— Эл аралык сынактарга көп катышасыз. Андай сынактардын бирине барбаган сиз теңдүү айрым кесиптештериңиз мейли кинодо, мейли ырчылыкта даражалуу сыйлыктарга ээ болушту. Кээде ичиңиз тызылдаган учурлар болобу?

— Ооба, сиз баамдагандай эле комузум экөөбүз дүйнөнүн кайсы гана бурчуна барып өнөрүбүздү тартуулап, намысты коргогон жокпуз. Канча өлкөнү кыдырсам дагы, өнөргө кандай астейдил мамиле кылсам дагы бардыгына калың элим күбө. Даражалуу сыйлыктарга балким анчалык элине кызматы өтө элек айрымдардын ээ болгонуна ичим тызылдап, көрө албастык деле кылган жокмун. Бирок ар бир эмгек кылып жаткан адамдары үчүн мамлекеттин колдоосу бөтөнчө стимул берип, талантын дагы да оргуштатат эмеспи. Мейли, мен өзүмдү мисал кылбайын, бизден улуу элине кадыр эсе кызматы өткөн канча өнөр адамдарынын эмгеги бааланбай жүрөт. Ошондой инсандарды көрүп теңсиздикке ичим ачышып кеткендигин жашырбайм. Бардыгы Кудайдын колунда, буюруп койсо сиз айткан даражалуу сыйлыктарга биз дагы жетээрбиз.

— Тасмага тартылуудан баш тарттым деп айттыңыз, балким даражалуу жакшы фильмдер тартылып калса ойлонуп көрөттүрсүз?

— Ар бир эле адам баласы кандайдыр бир окуя болгондон кийин, кайсы бир ишти кылуудан баш тартат. Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин оюн өзгөртүшү ыктымал. Бир адамды кимдир бирөөлөр кечке эле жаман дей берсе, жаман экен деген ойдо болосуң го. Качан ал адамдын өзү менен сүйлөшүп көрсөң таптакыр башка ойдо каласың. Бул ошол сыяктуу эле нерсе. Бирок азырынча тасмага тартылуу тууралуу так жооп айта албайм.

— Чыгармачылыктан дос табуу жеңилби же душман табуу ылдамыраак болобу?

— Чыгармачылыктан дос дагы, душман дагы табышың мүмкүн. Ар бир кесиптин оң жана терс жагы болот эмеспи. Жакшысын дагы,жаманын дагы көрө берип, акыры адам баласы турмушка бышып бүтөт экен.

— Күйөрмандардын чыгармачылыктан мурда жеке жашоого кызыкканын көп көрөбүз. Бул нерсеге көз карашыңыз? Негизи кайсынысы көбүрөөк кызыктырышы керек деп ойлойсуз?

— Эгерде чыныгы күйөрман болсо, ал жеке жашооңо кызыкпайт деп ойлойм. Себеби ал сенин ар бир жараткан эмгегиңди баалап, баскан-турганыңды, кийингениңди, сүйлөгөнүңдү саресеп кылып туруш керек. Ал эми жеке жашооңо кызыккандарды чыныгы күйөрман эмес, псевдо күйөрмандар деп атап коём.

— Азыр мен чыгармачыл инсан дегендин баары, Эл артистинен тартып, студенттерге чейин той менен жан багышат. Бирок сизди тойлордон аз көрөбүз. Себеби?

— Жакшылыкта кызмат кылуу жакшы деңизчи, бирок профессионалдуу музыканттар тойдогу табитти таппай калып, кээде жаман абалда калат. Балким мен эле ушундайдырмын. Кээде жан дүйнөм менен берилип жай ырларды ырдагым келет. Ошондой учурда тойдон сөзсүз бир адам келип: “Кичине мындай бат-баттан бийлей турган ырлардан ырдасаң”, — дейт. Ушундан улам бардык ырчылар той ырларын жаздырып коёлу дешет. Негизи тойдо деле профессионалдуу чыгармаларды уга билген эл болсо деп ойлонуп калам. Ырчыларды тойдо ырдабагыла деп айтканга акым жок. Себеби бардыгы эле тойдон нан таап жеп жүрүшөт да. Бирок элдин табитин салмактуу чыгармаларга бурсак жакшы болмок. Мен жашымдан эле тойдон алысыраакмын. Балким айрымдар чакыруулар болбогондуктан үйдө отурат деп ойлошу мүмкүн. Мен буга кескин түрдө жооп берем. Мага тойго чакыруулар абдан көп түшөт. Бирок мен өзүм көп чыгуудан баш тартам. Кээде эле кыйбас адамдардын жакшылыктарына барып калбасам, тойлордун баарына барып эле секирип бийлей албайт экенмин. Бул нерсе менин мүнөөзүмө анча туура келе бербейт го деп ойлойм. Ата-апалардын 80-90 жылдыктарында комузуң менен келип, биздин курактагы эски ырлардан ырдап кет деп суранышса сөзсүз барып ырдап кетем.

— Биз мага жакшы дос боло алган жок деп кимгедир таарынат экенбиз да, мен бирөөгө жакшы дос боло алдымбы деп ойлонбойт экенбиз. Сиз кимгедир жакшы дос боло алдыңызбы?

— Чындыгында ушул суроо аркылуу жакшы ойду айтыптырсыз. Бар эле мага тигил дос болбой койду дегенибиз менен, мен өзүм кандай дос боло алдым деп ойлонбойт экенбиз. Ачыгын айтканда, мен өзүмө бул суроону такыр бербептирмин. Бирок табиятымдан кимдир бирөөгө кек сактабаган, дос болсом бүт дитимди берип, акыркы акчама чейин карматып, өзүм жөө басканга чейин дос болом. Башкалардан да ошондой нерсени күтө берет экенмин. Эгер андай жооп ала албай калсам көңүлүм сууй түшөт. Бул суроону мага дос адамдарга узатыш керек.

— Эгер шарт келип калса, социалдык тармактардан баш тартууга эркиңиз жетет беле?

— Негизи адам баласы бардык нерсеге көнсө болот. Буга чейин деле эч кандай социалдык тармактар жок, уюлдук телефонсуз эле жашап келгенбиз. Бирок азыркы учурда бардык эле нерсе социалдык тармактарга байланыштуу болуп калбадыбы. Ошондуктан биз ага байланып калганбыз. А түгүл сенин бизнесиң да, кайгың, кубанычың да социалдык тармактарда. Бул азыркы учурда өзгөчө бир агымга айланды. Ал эми мага бул нерседен абдан күч келсе, ден соолугума кандайдыр бир зыянын тийгизсе албетте баш тартмакмын.

Нуркыз Рыскул кызы

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу