Гүлнур АСАНОВА, ырчы: “Сахнанын тешигине түшүп кетип…»

— Мен алты жашымда “Наргиз” эстрадалык тобунун жетекчиси Анарбек байке тобуна мени кошуп алып Жалал-Абад облусун бүт кыдырып концерт коюп келүүнү апама сунуштаган экен. Ошондо апамдын коштоосунда алгачкы ирет гастролго чыккан элем. Ошол гастрол учурунда Сары-Челекте түшкөн бул сүрөтүбүздү апам сактап койгон экен. Ошол гастролдогу бир окуя эсимден кетпейт. Бир жолу уйкум келгенинен мени эч ким көрбөй калсын деген ой менен “Ямаха” салынчу кутунун ичине кирип жатып алдым. Концерт башталып мени издеп жүрүшүп, апам таап чыккан. Шашылып кийиндирип, сахнага чыгарышты эле, уйкусуроо менен ырдап жатып бир кезде сахнанын тешигине түшүп кеттим. Элдер ызы-чуу болуп, алып баруучу алып чыккан. Колу-бутум ооруса дагы экинчи ырымды сыр бербей ырдап, анан сахнанын артына апама барып ыйлаганым эсимде.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу