Гүлнур Асанова, ырчы: «Менин баракчамда хейтердин бет кабын жамынып кимдер отурганын билем…»

Хейтерлер менен күрөшүүнүн эң мыкты жолу — аларга такыр көңүл бөлбөй коюу керек.  Алардын максаты талуу жериңден кармап, сенин көңүлүңдү өзүнө бурдуруу да. Андыктан аларды көңүл сыртына калтырсаң -жеңесиң. Бирок пендебиз да, айрым хейтерлердин жалаасына, калп сөздөрүнө жооп кайтарып кайым айтышканга Бирок  келген учурлар болот. Негизи менин баракчамда хейтердин бет кабын жамынып кимдер отурганын билем. Сүйлөө манерасынан, дайыма колдонгон сөздөрүнөн ал адамды тапса болот. Мен жакында эле хейтер болуп жүргөн адамдарды таптым. Алар жашынып алып менин баракчамда кандай калптарды апыртса, өздөрү да дал ошондой жоопторун алышты. Ошондуктан эч ким интернет баатыры болуп каалаган нерсемди жазып кутулуп кете берем деп ойлобошу керек. Кайсы телефон номери менен катталып, эмне деп жазгандары баары билинет. Азыр техника өнүккөн заманда жашайт эмеспизби. Табылганда өздөрү эле уят болуп калышат.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу