ГҮЛНАРА: «ЭКИ КҮЙӨӨМ ТЕҢ МЕНИ ТАШТАП КЕТТИ, ЭРКЕКТЕН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ»

Акыркы учурларда эркектерде жоопкерчилик жоголгонун мындан бил, үй-бүлөсүн ыйлаткан боюнча таштап кетип атышат. Оор үшкүрүнүп, эки баласын муңдуу көздөрү менен караган маектешим Гүлнара жоопкерчиликсиз эркектердин айынан бир баласынан тирүүлөй алыстап, учурда эки баласынын эртеңки күнүн ойлоп башы катып турган чагы. Эки жолу турмушка чыкса, эки күйөөсү тең башка аял алып кеткен келин болгону 24 гана жашта.

«Күйөөм Москвага барып үйлөнүп алыптыр…»

– Өзүм Нарындын кызы болом. Балалыгымда атам апамды таштап кетип, апам мени өзү жалгыз чоңойтту. Мектепти бүтүп окууга шартым жок болгондуктан эрте эле сүйлөшкөн жигитиме турмушка чыктым. Экөөбүз бир аз жашагандан кийин ал Москвага иштегени кетти. Ошол учурда биринчи балабыз төрт айлык болчу. Күйөөм менен чогуу кетейин десем кайненем: «Балаңар өтө кичине, бир аз чоңойтуп эки айдан кийин кетесиң», — деп койгон. Мен: «Макул», — деп калгам. Бирок күйөөмдүн кеткенине эки ай болду жок, беш ай болду жок… Телефон чалып: «Мени чакырасыңбы?» — десем, «азыр жумуш жок», — деп жакшы сүйлөбөй калган. Көрсө, барганда эле үйлөнүп алыптыр. Айыл жеринде андай сөздөр желдей тарайт эмеспи. Мен абдан ыза болдум. Баламды багып, кайындарыма кызмат кылып жүрсөм, ал башка менен жашап алса мен үчүн жеңил болгон жок. Керек болсо кеткенине бир жылга чукулдап калса да бир сом акча салган эмес. Кайындарым баласынын кылыгына унчугушкан жок. Анан күйөөмө телефон чалып айтчумду айтып, бир жашка жаңы чыккан баламды алып кетип калдым.

“Мен идиш жууп жатканда балам этегиме жармашып чырылдап турчу»

– Бирок мени чекемен сылап тосуп алар адамым деле болгон жок. Апам жалгыз эптеп күнүн өткөрүп жүрчү. Анан мен баламды алып Бишкекке келдим. Шаарга келгенде деле билимим болбогондон кийин жыргатар деле жумуш жок да. Келип кенедей балам менен ашканаларда идиш жуугуч болуп иштеп жүрдүм. Түндөсү иштечүмүн. Мен идиш жууп жатканда чырылдап этегиме жармашкан баламды эптеп уктатып, полго коробка төшөп жаткырып койчумун. Өзүм жашай турган жерим жок, иштеген жеримдин бир бурчуна уктап-туруп иштеп жүрдүм. Бир жумадан кийин такыр чыдабай калдык. Балам да, өзүм да абдан кыйналдым. Баарынан да балама боорум ооруду. Эмнеси болсо да чоң ата, чоң апасынын жылуу үйүндө чоңойсун деп кайра кайындарыма келдим да: «Бага албайт экенмин», — деп баламды берип кеттим. Кан-жаныңдан жаралган кенедей баламды ташташ мен үчүн оңой болгон жок. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп кайра шаарга келип, жалгыз башым эптеп ар жерге батып иштеп жүрдүм.

«Бул күйөөмө чын жүрөктөн ишенчүмүн»

– Адам жашап аткандан кийин жүрөк деген согуп турат экен. Ажырашканыма бир жылдан ашкандан кийин экинчи күйөөм менен тааныштым. Экөөбүздү тагдыр мен иштеген жерден жолуктурду. Жылдызыбыз келишип жакын мамиледе жүрүп, анан баш кошуп алдык. Жолдошум автоунаа жуучу жай иштетип, акчаны дурус эле тапчу. Батирде жашачубуз, жашообуз укмуш болбосо да жылуу мамилени сактап уруш-талашы жок жашачубуз. Бизге баары суктанып турушчу. Күйөөм абдан ишеничтүү адам болгондуктан, мен ага чын жүрөктөн ишенчүмүн. Экөөбүз эки балалуу болдук. Улуу балабыз эки жарым жашар, кичүүбүз сегиз айлык болгондо аларды кайненем багам деп айылга алып кеткен. Балдарды айылга берип коюп, идиш жуугуч болуп ишке кирип алгам. Экөөбүз тең иштеп жүргөнбүз. Анан эле… Мындан аз күн мурун күйөөм капысынан: «Мен сен менен жашай албайм», — деди. Эмне болгонуна түшүнбөй башыма оор жүк түшкөндөй нес болуп калдым.

«Күйөөм мени таштап, дал ошол аялга кетти»

– Автоунаа жуучу жайда күйөөм менен чогуу иштеген аялдан акыркы күндөрү эмнегедир жолдошумду кызганып жүрчүмүн. Бирок экөөнүн кандай мамиледе экенин так билчү эмесмин. Анан күйөөм: «Менин артымдан аңдып кызганба», — дегенинен унчукпай калгам. Көрсө, жүрөгүм жөн жерден тыбырчылабаптыр. Күйөөм мени таштап, дал ошол аялга кетти. Ал аял күйөөмдөн улуу, эки кызы бар чоң эле аял экен. Мен жумушка кеткенде экөө үйгө келип жүрүшчү экен, аны эми угуп атам. Күйөөм мени менен жашабайм деп айтканда үй-бүлөмдү сактап калууга жакшы эле аракет кылдым. «Эмне үчүн мени таштап атасың, жок дегенде балдар үчүн жашачы?» — деп канча сурандым. Ал: «Жок, жашай албайм. Эгерде ушинтип кыйнай берсең, таптакыр жоголуп кетем», — деп туруп алды. Анан коё бергенге аргасыз болдум. Ал кийимдерин алып чыгып кетти, мен калдым. Анда да: «Сен эки баланы бага албайсың, ата-энеме бер», — деп жан кейитет. «Баланын өз ырыскысы бар, чоңоё берет», — деп балдарымды алып келип алдым. Биринчи баламдан оор турмуштун, жокчулуктун айынан ажырагам. Азыр ал мага боор бербейт, бөлөк болуп калган. Эми эки баламдан тирүүлөй ажырагым келбейт, андыктан балдарымды алып келип алдым. Бизди тааныгандар: «Силерге көз тийди», — деп атышат. Чынында абдан бактылуу болчубуз.

«Балдарымдын келечеги туңгуюкка кептелди»

– Адам бир кыйналса, кыйнала берет экен. Апам жакшынакай эле жүрчү. «Сени балдарың менен өзүм эле багып алам»,- деп аткан. Анан эле 2-3 күндөн бери жин кирген сыяктуу болуп, өзүн билбей оолугуп катуу ооруп атат. Учурда молдо чакырып дем салдырып атабыз, кичине оңолгонсуп келе жатат. Эми тилегим эле апам айыгып кетсе деп атам. Апамды, эки баламды карап, күйөөмдөн ажырашкан бир жумадан бери иштебей үйдөмүн. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы кошуналарыбыз бар экен, улам тамак-аш алып келип берип жардам берип атышат. Бирок эртеңки жашообуз туман. “Эртеңки күнү батирдин акчасын кантип төлөйм? Балдарымдын тамак-ашына кайдан акча табам? Апам ушинтип ооруй берсе эмне болот?” — деген ойлор жеп бүттү, уйку жок. Күйөөм болсо балдардан кабар алмак тургай ойлоп да койгон жок. Балдарымдын эртеңки күнү туңгуюкка кептелди. Кыштын суук күнүндө оор абалдан чыгуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам күтөм. Өзүм учурда болгону 24 жаштамын. Ушул жашыма чейин бир топ кыйынчылыкты башымдан өткөрдүм. Эки күйөөм тең мени таштап башка аялга кетти. Андыктан эркек дегенден көңүлүм абдан калды. Мындан ары эркек менен мамиле куруп, турмушка чыгам деген ой мага түк келбейт. Эми мындан ары балдарым үчүн гана жашап, ушуларды чоңойтушум керек. Жашоо деген өтө кыйын экен.

ЭЛСОМ: 0704 77 45 02

Байланыш телефону: 0550 12 62 61

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу