Гүлнара Каримова жеке каттам менен Дубайга учуп кеткени кабарланууда

Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримова жеке каттам менен Дубайга учуп кетти. Бул тууралуу “Озодлик” радиосуна Каримова жайгашкан мейманкана өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди. Бул маалыматты бир нече көз карандысыз булактар да тастыкташты.

Буга чейин, 1-октябрда анын кызы Иман Каримовага таандык делген Инстаграм-акаунтта Гүлнара Каримова Ташкенттеги үйүндө экени тууралуу билдирүү чыккан.

3-октябрда Каримова бир нече жеке күзөтчүлөрү менен бирге жергиликтүү убакыт боюнча 14:00дө Араб Эмиратына келип, Дубайдагы эң кымбат мейманканалардын биринде жайгашканы белгилүү болду. “Озодликтин” бул маалыматты Каримованы тосуп алып, мейманканага жайгаштырган бир нече киши тастыктаган. Кийинчерээк мейманкананын атын атагысы келбеген кызматкери Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы чынында эле келгенин ачыктады.

Журналисттер Гүлнара Каримова жайгашты делген бөлмөдөгү номерге чалышкан. “Гүлнара, бул сизсизби?” деген суроого аял киши: “Ооба, бул ким?” деп жооп берген. Бирок кабарчылар чалып жатканын билген соң, трубканы коюп койгон.

Ал ортодо VIP-кардарларга кызмат көрсөткөн бөлүмдүн жетекчиси мейманканадагы беш люкс номерди чындап эле Гүлнара Каримова брондогонун тастыктады. Бирок ал конок Гүлнара Каримова экени тууралуу маалыматты четке какты.

– Силерди ишендирип коёюн, биздин VIP-коногубуз Өзбекстан жараны эмес. Ал башка өлкөнүн жараны. Анын үстүнө ал президент Каримовдун тун кызынан алда канча жаш, – деди ал.

​Күн мурун өлкөнүн Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова эркиндикке чыккандыгы тууралуу кабарды четке каккан. Расмий маалыматтар боюнча Каримова ири өлчөмдө пара алганы үчүн беш жылга соттолгон.

Буга чейин Каримова салык төлөөдөн качуу, бөлөк бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу боюнча да айыпталган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу