Гүлнара Каримованын уулу апасын коргоп чыкты

Мурдагы өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримованын уулу соттук иштерде апасына өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Лондондо жашаган 24 жаштагы Ислам Каримов 1-августа Би-Би-Сиге маек берип, бийлик Гүлнара Каримовадан жана анын колундагы маалыматтардан коркуп жатканын айтты:

«Эгер ал он мүнөткө чыгып сүйлөсө, өкмөттөгү көп адамдар бийлигинен айрылат. Алар дал ушул нерседен коркот», — деди таятасынын атын алып жүргөн Каримов.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 28-июлда Гүлнара Каримова боюнча биринчи жолу расмий маалымат берип, 2015-жылы Каримованы камакка алуу чечими чыкканын, кошумча айыптар да коюлушу ыктымалдыгын билдирген.

Маалыматка ылайык, эки жыл мурда Каримова жана анын тобунун мүчөлөрү акча өндүрүү, каражатты кымырып алуу жана салыктан качуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Натыйжада быйыл 45 жашты багындырган Каримова айымга карата беш жылга «эркиндигин чектөө» чечими чыккан. Буга чейин Каримова 2014-жылдан бери Ташкентте үй камагында жатканы кабарланып келген.

Гүлнара Каримова кезинде Ислам Каримовдун мураскору деп мүнөздөлүп, Өзбекстандагы ишкерчилик жана шоу-бизнес тармагын көзөмөлдөп турган. Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда 79 жашында көз жумгандан кийин Гүлнаранын уулу Өзбекстандын атайын кызматтарын апасынын көзүн тазалагысы келет деп айыптап чыккан. Камактагы Гүлнара Каримова атасынын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катыштырылган эмес.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу