Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: «Сулуулукка таянып эле сахнага чыгып алган туура эмес…»

«Кайда», «Мына», «Сүйүнчү» деген ырлары менен сахнага жаңы кадам таштап, келечекте элдин баасына ээ болсом деген аруу тилек менен чыгармачылыкка билек түрө киришкен ырчы Гулназ Калдарбекова менен баарлаштык.

— Гүлназ, алгач окурмандарга өзүң туурасында айтып кетсең?

— Өзүм туурасында айтсам, 1988-жылы Ош облусуна караштуу Мырзаке деген айылда туулуп өскөм. Ата-энем кыргыз тил жана адабият сабагынан мугалимдер. Атам 30 жылга чукул убакыттан бери мектепте директор болуп эмгектенет. Үйдө 6 бир тууганбыз. Жогорку билимим бар. ОшМУнун журналистика факультетин бүтүргөм. Музыкалык билимим жок, бирок ырдаганды жактырам.

— Чыгармачылыкка кантип аралашып калдың? Өзүң журналист экенсиң, эмнеге ырчылык кесипти тандап алдың?

— Ооба, журналист деген кесипке ээмин. Бирок бир жыл эле журналист болуп иштедим. Андан кийин Казакстанга өз жумуштарым менен кетип, ошол жактан чыгармачылыкка аралашып кеттим. Негизи ырчы болуу бала кездеги кыялым болчу. Ошондуктан ырчылыктан алыстай албай, чыгармачылыктагы адамдар менен көп аралашып, таанышып, пикир алышып жүрчүмүн. Ырчылар менен аралашкан сайын ырдайм деген каалоом дагы күч алып, Казакстанда жүргөндө ошол жактык бир ырчы жигит менен дуэт жаздырып, казактардын тойлорунда ырдап калдык.  Элдердин жакшылыктарына, кечелерге барып ырдап жүрүп, кантип ырчылыкка байланып калганымды билбей калдым. Өткөн жылы «Кайда» деген ыр жаздырып, Кыргызстанга келип чыгармачылыкка билек түрө киришип, учурда жеке ырчы катары иштеп жатам.

— Сахнага алгачкы жолу качан кадам таштадың?

— Сахнага деп айтуу азырынча мага эрте. Эң биринчи жаздырган ырыбыз, ырдап эл алдына чыкканым Казакстандагы дуэт болду. А жеке ырчы катары чыгармачылыкка киришип, профессионалдуу ыр жаздырганым «Кайда» ыры болду. Ушул ыр менен биринчи эл алдына чыктым, менин чыгармачылыктагы тушоомду кескен ыр болду десем болот.

— Ошондо чыгармачылыкка аралашканыңа бир гана жыл болуптур да. Бир жылда канча чыгарма жаздырууга жетише алдың?

— Ооба, официалдуу түрдө чыгармачылыкка киришкениме ушул күздө бир жыл болду. Ошол бир жылда «Кайда», ага жооп кылып «Мына» деген ырларды жаздырып, клип тарттырганга жетиштим. Андан сырткары рэпер Добр менен «Алло» деген дуэтти, жакында «Сүйүнчү» деген аталыштагы жар-жар ырын жаздырдык. Мындан сырткары дагы жакшы 2 чыгарманын үстүндө иштеп жатабыз.

— Музыкалык билими жокторду азыр сындагандар көп эмеспи. Музыкалык билим алайын дейсиңби?

— Такыр эле нотага түшүнбөйм деп айтуудан алысмын. Музыка менен тааныштыгым бар. Мектепте окуп жүргөндө айылдагы музыкалык мектептен билим алгам. Казакстанда иштеп жүргөндө театрдагы мугалимдерден өзүмө керек, ырдап чыгам деп вокалдан сабак алгам. Эми журналистика деле чыгармачылыкка жакын кесип эмеспи. Журналисттердин көбү эле ырдай алат же ыр жазат дегендей, кесибим деле чыгармачылыктан алыс эмес.

— Мектепте окуп жүргөндө музыкалык мектепке барган экенсиң, музыкалык аспаптарда ойной алсаң керек?

— Ооба, мектептен комуз менен фортепианодо ойногонду үйрөнгөм. Бирок ал жакты да толук бүтүрбөгөндүгүмө байланыштуу, профессионалдык деңгээлге жеткен эмесмин. Комузду андан кийин колума алган жокмун. Көбүн унутуп калдым. Ошентсе да 2-3 күүнү черте алам. Фортепианодо да бир аз ойной калам. Кудай буйруп шарт болсо, билимимди тереңдетем деген ойлорум бар.

— Жаңы чыгып жатыпсың, ырларыңды радиолорго бергенде, клиптерди теледен кетирүүдө тоскоолдуктар болгон жокпу. Себеби жат ырчылардын ырларын талапка жооп бербейт деп көп албай коюшат экен?

— «Кайда» деген ырды жаздырып, клибин тартып радио, телевидениелерге берээрде мен Азамат Бердибек уулу деген менеджер менен иштешип баштадым эле. Ошондуктан радиого берүүдө, теледен кетирүүдө тоскоолдуктарга кабылган жокмун. Андай иштерди менеджерим жасайт. Мен ырларды жаздырып берем, калганын Азамат ишке ашырат. Негизи менеджер менен иштеген абдан жакшы экен. Көп нерсеге убакыт кетпейт, чыгармачылыкка кенен көңүл бура аласың.

— Сахна сулуулукту талап кылат дегенге кошуласыңбы?

— Ырчы болобу, башка кесип болобу же жен гана адам болобу, эң биринчи ички жан дүйнөнүн сулуулугу башкы орунда турушу керек деп ойлойм. Жан дүйнөсү таза, сулуу болсо, ал адам кайсы гана тармакта болбосун ийгиликке жете алат деп ишенем. Кудай ар кимге ар кандай өң-келбетти берген. Келбеттүүмүн деп эле сулуулукка таянып сахнага чыгып алуу да туура эмес. Келбетим жок деп, талантты өлтүрүп салууга да болбойт. Албетте, сахна адамы болгондон кийин өзүңө тыккан, жарашыктуу кийип жүрүү талап дейм. Азыр сулуу болуунун жолу көп. Макияж, чач жасалга, кооз кийимдер эле аял затын көркүнө чыгарып, кулпуртуп коет.

— Ошондо ырчылык сенин кесибиңби же хоббиңби?

— Казакстанда ырдап жүргөндө хоббим болчу. Кыргызстанга келип «Кайда» деген ырды жаздырып, клип тарттыргандан баштап ырчылыкка баш-отум менен киришип баштадым. Азыр ырдагандан башка жумушум жок. Бардык убактымды, ойлорумду, аракетимди, күчүмдү чыгармачылыкка жумшап жатам. Андыктан азыр ырчылык менин кесибим деп азыр ырчылык менин кесибим деп айта алам.

— Сахнага чыкканда толкунданасыңбы?

— Мектепте окуп жүргөндө «маданият министри» болчумун. Мектепте өтө турган иш-чаралардын баары менин мойнумда эле. Иш- чараларды уюштуруп, аларды алып барып жүрүп эл алдында сүрдөө, толкундануу сезимдерин эрте эле жеңген экем. Ошондуктан азыр эл алдында толкунданбайм. Бирок ырчылыкка киришкенде, биринчи жолу Спорт ордосунда кайрымдуулук концертинде сахнага чыгып, элдин колдоосунан уламбы аябай толкундандым.

— Алдыда кандай максаттар бар?

— Кудай буюрса, максаттар чоң. Ыр жаздырууда, клип тарттырууда кылдат мамиле жасап, элдин сүйүүсүнө арзый албасам да, баасына татып, көңүл буруусуна ээ боло алсам деген жакшы тилектерим бар. Баары акырындык менен ишке ашат деп ишенем. Ал үчүн биз да болгон күчтү жумшап эмгектенебиз.

Жаркынай Кадыркулова

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу