Гүлмира Каримовна, Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын, Ч.Айтматов орто мектебинин Директорунун өзүм билемдигин тыйып койсоңуз боло?

  1. Билим жана илим министри
  2. Г. Кудайбердиевага
  3. Кара-Буура районундагы
  4. Ч.Айтматов атындагы орто
  5. мектебинин мугалимдер жамаатынын

К А Й Р Ы Л У У С У

Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби, Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин директору Нуралиева Динара Жанышбековна он жылдан ашуундан бери кызмат абалынан пайдаланып өзүм билемдик менен көптөгөн туура эмес иштерди жасап келе жатат. Өзүнө жакпаган мугалимдерди” мен бул жерде иштеп турганда мугалимдикке албайм”,- деп жумушка албайт. Мисалы: Кыргыз тили мугалими Б. Таабалдиеванын саатын жыл аягында башка мугалимге берип койгондуктан ал Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына барып келгенче бир саатын өтпөгөндүгүнө байланыштуу акт жазып жиберет. Ал мугалим “ мен бир саатты өткөн жокмун, а өзүң бир жыл сабак өтпөй келе жатпайсыңбы”, — деп койгондугу үчүн аны жумуштан кетирип, кайра жумушка албай коёт. Замминистр Н.Ашымбаевага чейин барды, жооп жок. Башталгыч класстын мугалимдери Карагул кызы Айпери, Жумабекова Жыпар ушул мугалимдерди декреттен чыккандан кийин жумушка албай койду. Пенсиядагы мугалимдер 2 класстан алып иштеп жатышат. Чоң класстагылары 25-30 саат менен иштешет. Өзүнүн “ дежурный мугалимдерине” жакшы шарт түзүп берген, башка мугалимдер он сааттын тегереги, 5-6 балл стимгранттан берет.

Балаты майрамын мектептин “ Форум театры” өткөрөт. Ар бир класс 250 сомдон, андан тышкары, ар бир окуучу 50 сомдон ( 48 класс, 13800 окуучу бар) төлөп киришет. Дайыны жок. Буга ата-энелер каршы болгон, бирок класс жетекчилерди кысып ата-энелер менен сүйлөшкөндү билбейсиңер деп күнөөлөп салат. Мугалимдердин ичинен баш көтөрүп сүйлөйүн дегенди куугунтукка алып, артынан киши салып, жалган жалаа менен чогулушка салып чүнчүтүп жиберет. Эч качан бирөөнүн сөзүн укпайт.

Былтыркы ызы- чуудан кийин жалпы мугалимдердин алдында, келген комиссиялардын алдында толук администрацияны мугалимдердин айтуусу менен алмаштырып өзү сөгүш алып ордуна калган. Ордуна калганынын себеби, замгубернатор Азия Шаболотовна аяш апасы, заврайОО Д.Жумабеков да жакын кишиси болуп кыргызчылык менен ордуна калган. Колунан эмне келди деп кайра күчөп кетти. Ар бир дүйшөмбү күнү саат 12 де планировка болот, эки смендин ортосу, чогулуш дайыма 3-4 саат болот. 2-смендин окуучулары жамгырда, каарда эшикте турушат. Кээ бир окуучулар чыдай албай кетип калышат. Муну ата-энелер да билишет, эч нерсе дей алышпайт, анткени кызыма же балама эрегишип, мектептен чыгшарып жиберет деп коркушат.

Жалпы мугалимдердин сунушу менен так иштейт деп төмөнкү мугалимдер шайланган: окуу завучу Байгобулова Майрамдын ордуна Гайваронская Г.В., тарбия завучу С.Иманалиеванын ордуна А.Орозбаеваны, соцпедагогдор А.Абдрахманованын ордуна З.Касымбекованы, М.Сагазиеванын ордуна К.Сапаралиеваны дайындаган, бирок ал жөн эле көргөзмөдө болду. Табелди, стимгрантты мурунку завуч Байгобулова Майрам

менен директор Динара Нуралиева өздөрү билгендей түзүшөт. Албетте директордун айтуусу менен. Ким канча айлык аларын чынында эч ким билбейт. Сурай алышпайт, сөз боло электе эле “ сен ошого татыктуу эмессиң, анан саат талашасың, кыйратып иштегенсип” ж.б. ачуу сөздөр менен ооз ачырбайт. Эки айдын ичинде жаңы администрацияны ыйлатып,чүнчүтүп жиберди.

Орозбаева Айнагүлдү кайра соцпедагог кылып өзү шайлады. Өзү билгендей кылып. Кайра мурдагы администрацияны орду-ордуна алып келди. Эч кимден сурабай, ортого салбай. Эл агартуунун отличниги А.Орозбаеваны ушунчалык чучугуна жете турган сүздүрдү айтып ыйлатып, анан анын кан басымы көтөрүлүп 4 ай тил ооздон калып Бишкекте ооруканада жатты.

Мындай көрүнөштөр көп эле учурайт, коридордо ыйлап бара жаткан мугалимди көрсөң таң калычтуу деле эмес. Башталгыч класс мугалими э.Садырова эл агартуунун отличнигин чогулушта катуу айтып, ошол замат ал жумуштан кетүү арызын жазып, үйүнө жетпей жүрөгүнөн приступ болуп жыгылат. Ооруканага зорго жеткирилет.

Мурдагы соцпедагог М.Сагазиева эч кандай көрсөтүүсү жок эле профком болуп калды. А.Абдрахманова бир жылдан ашуун мектепке келбей, бирок жакшы айлык чыгып жатты. М.Сагазиеванын жазган смен ар бир окуучунун соткссында бар.

Директор ар бир чогулуш болгон сайын майда кетем, жыл аягында кетем, ремонт бүткөндө кетем деп баарыбызды тынчтандырып алдап келди.

Окуу завучу М.Байгобулова өзү Бишкекке кетем дегенден кийин мугалимдер Манзура Жапарованы же Динара Жаныбаеваны шайлайбыз десе, мугалимдерди бирден чакырып коркутуп чыкты.

Өзү эле М.Байгобулованы шайлап алды. М.Байгобулова 30 000 ден айлык, андан тышкары заменден ар кандай жол менен жакшы акча жасашат. М.Байгобулова бүтүрүүчү класстардан ар бир окуучудан ай сайын 500 сомдон ОРТ тестке, 300 сомдон ийримге алат. Көп жылдан бери.

Директордун өзүнүн тегерегиндеги “дежурный мугалимдери” 30-40 сааттан, дагы стимгрантты жакшы алышат. Ушул ызы-чууну баштаган А.Абдрахманова, смсти жазган М.Сагазиева жана өзүнүн кишилерине мугалимдер күнүндө грамота жана конверт берди,эмне үчүн? Келген комиссияга сөзсүз акча чогултабыз, счетный палатадан келген комиссияга район боюнча ар бир мектептеги мугалимде 500 сомдон чогултуп бердик.

Ар бир бүтүрүүчү 9-11 класстардан сөзсүз чоң акча алып калат. Ушул жерде окудуңар эстелик калтыргыла деп.

10-20-30-40-50-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн лидерлеринен издеп жүрүп акча сурайт.

Депутаттар, сырттан келген коноктор, айыл ичиндеги аттуу-баштуулар майрамдарда акча. Белек калтырат. Алардан дайын жок. Завхоз С.Алдабергеновго мектепти евроремонт жасатып алып, акчасын бербей туруп, алдым деп кол койдуруп алган. Техперсоналдар ар бири эки, үч кишинин ордуна иштешет. 20 млн дон ашуун капремонтко акча келген. Анчалык жумуш көргөн жокпуз. Ремонтко атайын адистер

келип иштеген жок, өзүбүздүн эң начар окуган бүтүрүүчүлөрүбүз иштешти. Анткени, алар эсептеше албайт. Спаты жок эшиктер коюлган, жарым жыл боло элек, эшиктери кармагычтары жулунуп турат. Кайра тагып коёбуз.

Окуучулар экиге, мугалимдер экиге бөлүнгөн. Ким жакшы ушак айтса ал анын кишиси. Бардык жактан жолу жашыл.

Сагазиева Маринанын кызы былтыркы 9А класстын бүтүрүүчүсү Шарипова Риана, экинчи жарым жылдыкта такыр мектепке келген эмес. 25-майда “ Ардак грамота” андан кийин кызыл аттестат алды. Ошол эле сыяктуу мына быйыл 31-март 2017-жылдагы чыккан “ Кут билим” газетасына чыккан, интеллектуалдык мелдеш: таланттуулар танталды, күчтүүлөр жеңди деген мектеп олимпиадасында, өмүрү сабак өтпөгөн ата-энелердин даттануусунда жүргөн Дамира Айманбетованын 10А орус классынын окуучусу Каныбек кызы Айзаттын ордуна 9Б кыргы классынын окуучусу Кенжебек кызы Нуркыздын олимпиададан областтан 1-орунду, республикадан 1-орунду кыргыз тили боюнча алгандыгы кызык болду. Эми I даражадагы сертификат менен 8000 сомдук китептер жана дагы белектер кимге тиет? Мугалиминечи? Мунун бардыгын директор Д.Нуралиева жана заврайоо Д.Жумабеков билген.

Үч-төрт жыл мурун мугалимдер Б.Таабалдиева. Н.Ахмедова, Н. Рахимбаевалар директорго карата каршы арыз жазышкан. Аларды жигин билгизбей жумуштан кетирген.

Биз коркобуз, ошондуктан аты-жөнүбүздү жазбай кайрылуу жазып олтурабыз, жазгандарыбыздын бардыгы чындык. Качанкыга чейин эзүүдө жүрөбүз.

Ушуга бир чара көрүп берүүңүздү суранабыз.

Мугалимдер жамааты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу