Гүлкайыр Муса кызы: Кытай бийлиги лагердеги кыргыздардын баарын чыгарды. Атам да чыгып келди.

Кытайда саясый жактан тарбиялоочу лагерь-мектепке кытайлык кыргыздардан 55 миӊден ашуун кыргыз кармалды деген маалымат буга чейин жалпы коомчулукка тарап, ал маселе кызуу талкууга алынып келгени маалым. Бирок алардын саны 55 миӊби, же андан азбы, айтор бизге негизги чынында так белгисиз болчу. Ушул жана башка маалыматтарды  Кытайлык кыргыз айым Гүлкайыр Муса кызы кенен айтып берди. Анын маалыматы боюнча 55 миӊ адам камалды деген маалымат чындыкка туура келбейт экен.

Ал: «Камалгандардын саны ашып кетсе, 10 миӊ болот. Менин атам да бир жыл жатып чыкты. Чыккынына бир ай болду. Атам Кыргызстанга 3 ай келип кеткендиги үчүн камалган. Себеби, бул жакта диний көз караш ж.б. деген маселе бар да. Ошон үчүн саясый лагерде кайра тарбиялоону максат кылышып, камашкан. Биз кытайда жүргөн жарандарыбыз баарыбыз билебиз, бүгүнкү күндө  лагерге камалды деген кыргыздардын баарын толугу менен чыгарышты. Ал эми казактарды, уйгурларды чыгарgан жок. Аларга бир аз башка маиле кылышат экен. Бизге, Кыргыздарга болсо аларга салыштырмалуу жакшы мамиле кылып жатканын баса белгилеп айтышым керек», — деп Сhagylgan.kg жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу