Гүлзинат Суранчиеванын мактоого татыган 5 сапаты

Шоу чөйрөдө үлгүлүү айымдардын сап башында Гүлзинат Суранчиева турат. Сахнада аты таанылгандан бери элдин оозунан бул ырчы айым туруралуу жалаң гана жакшы кептерди, алкыштарды угуп калабыз. Анда эмесе эл эмне себептен мактоолорго бөлөгөнүн талдап көрөлү.

Гулзинат эжненин кызы Рузаннаны кичинекейинен бери жакшы билем. Алма дарагынан алыс түшпөйт деген кептин маңызындай Рузана Гүлзинат эженин көчүрмөсү. Анан да бул үйдөгү ата-эненин тарбиясы абдан жакты. Жалгыз кызмын деп чалчавдабай, ашыкча нерселерди сурабай ата энеси койгон чектен чыкпаганында. Гүлзинат эженин үйүнө барып калганда өз бөлмөсүндө сабак менен алек болуп жатса да келген конокторго чыгып саламдашып анан өз бөлмөсүнө кирип кетет да конок узаарда коштошууну да унутпайт. Ал эми Гүлзинат эженин 12 жыл күтүп, кудайдан сурап жүрүп тапкан уулу Ибрагим учурда үйдү шаңга бөлөп турган чагы. 12 жыл демекчи Гүлзинат эже буларга токтолуп кеткени бар балалуу болууну пландап бир топ жылдан бери каалап келдик. Ушул максатта мен барбаган медициналык борборлор, кыргызчылык менен айыктырган апалар калган жок. Ортодо боюмда болуп жатты, бирок тилекке карты жарыкка алып келе албай калдым. Акыры Казакстанга барып медицинанын жаңы жолдору ыкмалары менен дарыланып, аракет кылсаң берекет дегендей 12 жыл дегенде кудайым уул жалгады”. Ооба, бул учурда Гүлзинат эженин жолдошу тууралуу да айта кетпесек болбойт. Көбүн эсе эркектер бцла күткөндө сабырдуулугун жоготуп ар кандай чыр-чатактарды чыгарып ийиши турган иш да. Ал эми Гүлзинат эженин айтымына карасак: “Менин жолдошумдун эң бир мыкты сапаттарынын бири сабырдуулугу. Мисалы 12 жылдын ичинде эгерде өзүнүн кайгырганын, күткөн нерсеси болбой жатканын билгизип өзүн башкача алып жүрсө анын ата- энеси деле айтат эле да “эмнеге келинибиз төрөбөй жатат?”-деп. Жолдошум өзүн бир калыпта алып жүргөндүктөн балалуу болгуча бизде бир да маселе эмес кагып силкүүлөр да болгон жок”

Ашкана мыкты ашпозчу

“Мен коп эле айымдардай болуп үй-бүлөмдү ар түрдүү тамактарды жасап тамшантып келем. Өзгөчө тамактарды жасагандан тажабайм. Рецептерди курбуларыман да алып калам. Жолдошумдун улуту азер-байжан болгондуктан эки элдин ашканасын бирдей өздөштүрүүгө туура келет. Албетте, жаңы келин болгон учурда көп тамак-аштарды жасай алчу эмесмин. Апамдын, кайненемдин сабактарын ала берип азыр мыкты кожейкемин десем да болот”.

Гүлзинат эженин камдуулугун байкаганым бар. Мисалы кокусунан келип калган конокторго да бат эле эки-үч түрлүү салатын жасап, ара чородо тамагын аса салат. Бир жолу жумуштап аябай кеч үйүнө барып калдым. Анткени таң эрте үй-бүлөсү менен эс алууга кетишмек эле. Менин кеч барганыма карабай аркы-беркини сүйлөшкүчө эринбей ысык тамагын даярдай салды.

Нукура сулуу

Азыр косметика каражаттары аялдардын башкы нерсесине айланып баратканы талашсыз. Айтайын дегеним Гүлзинат эжени көбү көп боёнбой элди таң калтырам деп келбетине ар кандай эксперменттерди жасай бербеген нукуралуулугуна баа беришет. Артыкча ырчы айымдын күйөрман кыздары сулуулук жаатындагы суроолорду көп узатышат. Гүлзинат эженин сулуулук сырлары эң биринчиси ички дүйнөсүнүн тазалыгы. Бекеринен ички дүйнөң таза болсо жүзүңөн нур төгүлүп турат деп айтылбагандыр. Экинчи сулулуулук сыры бул табигый тамактарды тандоосунда жана табигый нерселерде ар кандай мас-каларды жасаарын айтып калат.

Мактаанчак эмес

Ошол элдин арасынан жибектей созулган, бир калыбынан жазбаган анан эң негизгиси мактанчаак эмес айым деген мактоо көп айтылат. Ооба, бул мактоого кошулсак болот. Сахнага кадам шилтеп аты таанылгандан тарта кээ бир ырчы айымдарга окшоп өзүнүн артынан чыр-чатак, ушак кептерди ээрчиткен жок. Кээ бир жылдыздарга окшоп ашыкча ар бир ийгиликтерине мактанган да жок. Ар кандай сынактардан жакшы ийгиликтерге жетишип келсе да кээ бирлерге окшоп элге жайа калуудан ашыккандардан эмес.

Сөзгө бекем, чынчыл

Гүлзинат эженин сөзгө бекем чынчылдыгы, тактыгына көп баа беришет. Айтылган сөздү айтылгандай аткара билгени. Маек алып же жөн гана сүйлөшүп калсаң болгонун болгондой коркомдобой айтат. Ий ырчымын, атаюуумун, кой муну жашырып башкача айтып коёюн деген салты нөлгө тете. Шоу чөйрөдө “мен жылдызмын”деп өзүн-өзү көтөрүү көбүндө бар. Мисалы “Кайра чалам” деп калп эле тил эмизип кеткендер толтура. Гүлзинат эженин бир мүнөзү бар “Кайра чалам“ десе болжол менен канчада чалаарын да айтат, анан сөзсүз чалат.

Бахияна Сатылганова

Булак: «Тамчы»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу