Гүлзат Мамытбек: «Мурунку жолдошум менен балдарымды, үйдү алуу үчүн соттошуп жатам. Аны жеңүүгө кудуретим жетет…»

Өзүн «кыргыз элинин деми» атаган ырчы Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашкан мезгилде балдары жана үйү анда калган. Эми ал балдарын жана үйүн өзүнө алуу максатында сотко кайрылгандыгын айтат:

«Балдарымды, үйдү өзүмө алуу үчүн сотко кайрылгам. Кечээ, 5-февралда 1-сотубуз болду. Бирок балдарымдын атасы балдарды дагы, үйдү дагы бербей жатат. Жадакалса сотко келбей койду. Эмнеге келбедиң деп сурап, байланышкан жокмун. Балдарымды өзүмө алмайынча акырына чейин күрөшөм. Ал үчүн менин кудуретим, акчам, билимим жетиштүү. Негизи балдар энеси менен болушу керек. Буюрса, 2-сот бир жумадан кийин болот», — дейт Гүлзат Мамытбек.

www.super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу