Гүлзат Мамытбектин үйлөнүү үлпөтү кайсы жакта өтөт?

Коомчулукка өзгөчө жүрүм-туруму менен таанылып, кыргыздын деми аталган Гүлзат Мамытбек өзү ойлогондой мырзага турмушка чыгаарын жар салды.

Ал мындай билдирүүнү социалдык баракчасына жазып, болочок жолдошуна 40 талапты койду. Ал белгилүү бир сайттардын бирине америкалык режиссерго турмушка чыгарын айтып, үйлөнүү үлпөтү АКШнын Голливуд районунда өтөөрүн кошумчалады.

Гүлзат Мамытбек буга чейин интернет баракчаларынан күйөрмандарына кайрылып: «Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!»— деген. Гүлзат айымдын Болочоктогу жолдошуна койгон 40 талап төмөндөгүдөй:

1. Позитивдүү;

2. Перспективдүү;

3. Койгон максатына умтулган;

4. Шайыр;

5. Күч-кубаттуу;

6. Дайыма жылмайып жүргөн;

7. Бийик максаттарды койгон;

8. Адамдар менен бат тил табышкан;

9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;

10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;

11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;

12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;

13. Келбеттүү;

14. Бою узун (170 сантиметр);

15. Камкор;

16. Берилип сүйгөн;

17. Жакшылыкты билген;

18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;

19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;

20. Үй чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;

21. Менин эркиндигимди чектебеген;

22. Мага суктанган;

23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;

24. Акылман;

25. Терең ой жүгүрткөн;

26. Чынчыл;

27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);

28. Тыкан;

29. Чыгармачыл;

30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;

31. Жароокер;

32. Кумарлуу;

33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;

34. Жеңилбес;

35. Ишенимдүү жана берилген;

36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;

37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;

38. Менден да көп акча тапкан;

39. Жеке ою менен позициясы так болгон;

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу