Гүлзат Байзакова ырчы: “Айбек Карымов бактымды ачты деп айтуудан чычалабайм”

Көк шиберде тоголонуп, жайлоонун кооз таштарын чогултуп чоңойгон балалык

— Балалыгым Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Көлтөр айылында өткөн. Биз 10 бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн. Ата-энем азыркы учурда пайгамбар жашына келип калышты. Менин балдай таттуу балалык күндөрүм Кара-Кужур жайлоосунда өттү. Жайында айланасын зоолор курчаган, Кара-Каман суусу бойлоп өткөн шаркыраган суунун боюнда көк шиберди тебелеп, таңдын кантип атып, күндүн кантип батканын билбей оюнга тойбогон таттуу көз ирмемдер менен өттү. Жайлоодо арыктар көп боло турган, бир туугандарым менен арыктардан секирип ойночубуз. Биз ал кезде кичинекей болгондуктан ал арыктар абдан чоң сезилип, аттай албай эле убара тарта берчүбүз көрсө, кичинекей эле арыктар экен. Анда кооз-кооз, жаныбарлардын фигурасына окшогон жылмакай таштар боло турган, аларды терип алып кой, уй деп ат коюп алып ойночубуз. Эң улуу агам Качы темир чылапчындын кулагына жип байлап алып бизди отургузуп алып сайрачу. Көк шибердин үстүндө бир да таш жок болгондуктан, машинедей зуулдап жүрөт. Чылапчын кичинекей болгондуктан эжемди отургузуп алса мен батпай калам да, андайда мени 20литрлик солярка куюлган канистрди бошотуп алып ошого салып алып сүйрөчү. Бир күнү мени сүйрөп баратып жыгып алды. Арыктагы сууга кулап түшүп кийимдерим суу болуп калды. Үйгө кирип кетсе апамдар урушат да, агам коркконунан кермеде жайылып турган инимдин кийимдерин кийгизип менин кийимдеримди кургатканы али эсимде. Чоң энем ууз, чебер, колунан көөрү төгүлгөн жан эле, кийиз эле жасай берчү. Бизди чогултуп алып жүн тыттырат, жадап жалкообуз кармайт. Андайда бизди алдап ким көп тытса момпосуй берем деп алдап тыттырчу. Мен жанталашып тытам да акысына бир момпосуй алып, аны да өзүм жебей Качы байкеме берчүмүн. Улуу байкеме өтө жакын элем, абдан жакшы көрчүмүн. Жүн жеңил болгондуктан тытканда көөп чыгат эмеспи, мен үйүп койсом чоң энем келип колу менен басса эле жалпайып калса, ыза болуп, дагы көбөйтөм деп тыта берчүмүн. Анда 8-класстын окуучусу болчумун. Ошондон бери ал жайлоого бара элекмин. Абдан сагынам, баргым келет.

Мектепте окуп жүргөндө кыздарды топтоп, спектакль койгом

— Биздин айылдагы мектеп чакан мектеп эле, азыр деле ошол боюнча турат айылга барганда көзүмө абдан сонун көрүнөт. Мугалимдер өтө күчтүү болгондуктан бизге билимди мектепте эле мээбизге куюп коюшуптур. Тарыхтан берген Жекшен Айтикеев деген агайыбыздан алган билимим мага Институтта да чоң жардам берди. Ошол кездеги агай жаздырган конспекттилер менде азыр да сакталуу. Агай өтө кыйын киши эле. Ал келе жатканда столдорду түздөп, отургучундагы көрпөчөсүн оңдоп, досканы сүртүп даярданып калчубуз. Жекшен агай коридордо келе жатса жерде жаткан кагаздарды чөнтөгүбүзгө салчубуз. Биздин айыл чакан болгондуктан мектепти 12 эле окуучу бүттүк. Музыкадан берген Шакен Саралиева деген эжебиз сабакты абдан кызык кылып өтчү. 2-класста окуп жүргөндө эже бизди Жаңы жылдык кечеге даярдап калды. Биздин кезде Индиянын кинолору укмуш болчу да. Ошол кезде эл күтүп көргөн “Господин 420” деген кинодогу дербиштин “Мен баратам бомбейге, табылар жумуш мендейге. Табылбаса кантейин, Мага окшогон кедейге”, — деп ырдап чыккам. Кебетемди бир укмуш кылып жасап коюшкан. Жыртык чапанды кийгизип, колума таяк карматып учуна жыртык баштык байлап коюшкан. Менин кебетемди көргөн айылдагы кемпир-кезектин бары мага боору ооруп ыйлашканы эсимде. Так эсимде жок 10-класста болсо керек 9-майга карата Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” пьесасын койдук. Балдар уялчаак келет эмеспи, катышпайбыз деп бары баш тартып коюшту. Мен өзүм теңдүү кыздарды чогултуп алып күндө сабактан кийин калып даярданабыз. Кыздардын апалары эрте келбейсиңби деп урушат. Ага да кайылбыз. Ошондо эле кыйын экенмин, совхоздун директоруна өзүм барып айылдын клубун сурап алдым. Кыздарды даярдап, эркектин кийимдери кийгизип спектакль койдук. Бизге жардам берген эч ким болгон жок, мугалимдер деле карап койгон жок. Апаларыбыздын көшөгөлөрүн уурдап келип койгонубуз эсимде. Эми клубка эл батпайт, айыл эли көчүп келген. Кыздарынын эркектин ролун аткарып атканын көргөн апалар таң калса, жеткире ыйлап аткарып жаткандарын көрүп “Оо, карабашыңды жегир”, — деп урушуп да жатышат. Ошондо алгачкы жолу дүркүрөгөн кол чабууну угуп, мактоо сөздөрүн уккам. Мектеп эмес Институтту аяктаганыма 32жыл болсо да азыр айылга барсам менден бир-эки класс кийин окуган айылдаштарым тамшанып “спектакль сонун болгон” деп айтып калышат.

Чыгармачылыкка кеч аралаштым

Мектепти аяктаган соң А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын алдындагы 2 жылдык студиясын окуп бүттүм. Мен кыялданып кумир туткан Б.Миңжылкыев, А.Мырзабаев ырматалык агайлар бизден экзамен алышчу. Ал жакты аяктаган соң Б.Бейшеналиева атындагы Исскуство Институтун аяктадым. Кайрадан опера-балет театрына кайтып келип иштеп калдым. Тагдырдын буйругу менен Д.Күйүкова, З.Сооронбаев, К.Сейдалиева, Г.Мамашева, Н.Абдракманов, С.Токтакуновалар менен чогуу иштеп, тарбия алып чоң мектептен өттүк. Андан кийин Филармониянын алдындагы “Камбаркан” тобунда, андан кийин “Ордо сахна” тобунда иштеп калдым. Чыгармачылыкта жүрсөм да эл алдына кеч чыктым. Мени топко алып келген Чалагыз Исабаев азырынча топто орун жок, убактылуу костюмерша болуп тур, кийинчерээк сени ырдатам деп жүргөндө көзү өтүп кетти. Ошентип мен “Камбарканда” 15 жыл костюмерша болуп жүрө бердим. «Ордо сахна» коллективинде ырдап жүргөндө Жапаров агай жубайы Чолпон жана курбум Гүлжан үчөө «Кайрылуу» деген ырды сунуштап алгачкы жолу жаздырдым. Ошондон тарта мени концерттерге чакыра башташты. Андан соң Айбек Карымов келип «Дил кайрык» ырын жаздыралы деди. Айбек менин бактымды ачты деп айтуудан чычалабайм. Ар нерсеге бир нерсе себепчи болот эмеспи, менин элге танылуума «Дил кайрыктын» салымы чоң.

Бир тууган инимдин кызын багып алдым
Жолдошум экөөбүз Институтта чогуу окуганбыз. Ал да “Камбаркан” тобунда иштеген. 23 жашымда турмушка чыктым. Тун уулубуз Камбар 27 жашта быйыл үйлөндү, музыка дүйнөсүнөн алыс кеткен жок. Экинчи уулум 23 жашта, азыр Консерваторияда окуп жатат. Ал эми кызым Амина 4 жашта. Бир тууган инимдин 2 кызынан кийин дагы бир кыз, тактап айтканда Амина төрөлүп калды. Андан кийин келинимдин боюнда дагы эгиз наристелер күтүп калды. Негизи эле Аминага жакын болчумун, барган сайын тамак жедирип үзүлүп түшөөр элем. Келиним эже Аминаны багып албайсызбы дей берчү. Кызым жок болгондуктан ойлонуп көрүп 1жашка чыкканда багып алдык. Азыр эми кичинекей болгондуктан эч нерсени деле түшүнбөйт да, мени да келинимди да мама деп эле жүрөт. Күндөн-күнгө кылыктары чыгып жүрөк элжиретип таттуу кыз болуп чоңоюуда.

“Достор” тобундагы Орозг?л Токторбаеваны сагынабыз

«Достор» тобунун түзүлгөнүнө быйыл 8жыл болду. Биз топко бириккиче эле 10жылдай дос болуп жүрдүк. Топто ырчылардан сырткары чыгармачылык чөйрөдөн сырткары 2 кызыбыз бар. Атайын шеринебиз бар, андан сырткары 2 күндө бир жолугуп турбасак курсагыбыз тойбойт (күлүп). Биз бир гана дос эмес, бир тууган да болуп калдык. Топтогу Орозгүл Токторбаева жашоо-шартына байланыштуу чет жакка кетип калды. Кезинде ал Ж.Бакиевдин жубайы экенин биз башынан эле билип, үй-бүлөлүк катташта болчубуз. Орозгүл өтө таланттуу адам, ал чет жакка көчүп кеткенден бери байланышыбыз үзүлдү. Кээде эле келген-кеткендерден кабарын угуп калабыз, аны абдан сагынабыз.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу