Гүлзат Аалиева: «Өлүм жазасын ашырууну Чубактын өзүнөн башташ керек»

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!
ТЕҢИРИМ ЖАЛГАП, КЫДЫР АТАМ КОЛДОСУН!

Өзүн Аллахка айлантып, өз кан-жанынан жаралган бала-чакасынын көз жаш, көкүрөк дартынан, убал-сообунан коркпой, өмүр бою жыйган-терген ар-абийирин бир токолго алмаштырган Чубакты байбичеси аз жерден соттотуп ийе жаздап, токтоду эле. Эми бул пенде жыртактап, кайра баш көтөрө баштаптыр го.

Эгер бул чунак коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуштаса, анда бул сунушту ишке ашырууну Чубактын өзүнөн баштоо керек. Эмне үчүн? Анткени, кыргыздын салттуу баалуулуктарына тиш кайраган Чубак жалпы кыргыз элине гана эмес, момун мусулмандардын өзүнө душмандык кылып келбедиби.

Чубак мусулмандарга кантип душмандык кылды? Бул суроого айрым гана факттарга токтолуу менен жооп берсек. Баардык фактыларга тарых жооп берип, Чубакты «кыргыз элине тарыхый кыянаттык кылган кылмышкер» деген статус берет. Ал күндөр алыс эмес.

1. Тагай бий баштаган биздин ата-бабалар кабыл алган салттуу ханафи мазхабын чанып, Чубак Кыргызстанга арабдын акчасына сыйынган салафизмди алып келди. Баарыбыз билгендей, заманбап ислам дини 73 агымга бөлүнүп, ал агымдар бирин бири «каапыр» аташат. Демек, салафизм боюнча салттуу ханафи мазхабын туткандар да «каапырга» кирет.

2. Ханафи мазхабы менен 622-жылы кабыл алынган Медина келишими боюнча Аллах баардык улуттарды, алардын улуттук тили менен каада-салттарын тең укуктуу кылып жараткан. Бирок, салафизм боюнча
— арабдар,
— араб тили жана
— арабдардын каада-салтын чагылдырган Шариат гана 1-сорт, ал эми калган элдер 2-сорт. Ошон үчүн Чубак «Кудайга кыргызча сыйынсаң 1 сооп, арабча сыйынсаң 10 сооп табасың» деп, кыргыздар менен кыргыз тилин 10-сорт кылып жатпайбы.

3. Чубак Жалилов менен Абдышүкүр Норматов сыяктуу эл душмандары, о.э. Турсунбай Бакир уулу өңдүүлөр Кыргызстандын расмий бийлигин айланчыктап, Кылмыш-Жаза Кодексине атайылап 299-беренени киргизишкен. Ушул беренеге жамынып алып алар тыюу салынган исламдык агымдарды Кыргыз Республикасында расмий каттатып жиберишкен. Анын кесепетинен
— республикада кооптуу диний жагдай түзүлдү,
— караңгы эл салттуу динге эмес, агрессиялуу фанатизмге ооп кетишти,
— Сирияга кетип, далай тагдырлар талкаланууда,
— дин менен байланышкан кылмыштар боюнча 3 миңден ашуун жаран түрмөдө олтурушат. Алардын убал-сообу кимге? Бул нерсе адамдын өмүрү менен ден соолугуна кол салган кылмыштуу жосуун болуп саналат.

4. Көк селделер Меккеде жашаган шайтанды кубалоо үчүн ажыга алып барам деп коррупциялык схемаларды түзгөнү жалганбы? Ошол схемалар аркылуу алар христиандын, атеисттин, каапырдын эмес, момун мусулмандын чөнтөгүнө кол салып, тоо булагындай таза ишенимин булгап жатышпайбы!

5. «Аль-Халал» деген бренд менен чыккан азык-түлүктөр «атеист» аталган советтик мезгилдеги ГОСТко (мамлекеттик стандартка) жакын да коошпойт. «Аль-Халал» брендинде» чочконун ДНКсы болбосо болбогондур, бирок, чычкан, чымын-чиркей ж.б. ДНКсы четинен чыгат. Эскерте кетсем: «Аль-Халал» бренди менен чыккан продукция каапырларга эмес, мусулмандарга арналып чыгарылат. Демек, бул бренд мусулмандардын чөнтөгүн гана кагып тим болбостон, алардын өмүрү менен ден соолугуна да кол салууда.

Кыскасы, айта берсе арман көп.

Гүлзат Аалиеванын Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу