Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Элден бата алып, үйлөнүү тоюмду өткөрөм деп жүрөм”

Гүлжигит Сатыбеков “элге менин жеке жашоом эмес, чыгармачылыгым кызык болуш керек” деп эсептейт. А бирок гезитибиздин өткөн сандарында ырчы мырзанын мурунку менеджери Астра Исмаилова үй-бүлөсү деп айткандан бери социалдык тармактарда талкуу бүтпөй келет.

— Гүлжигит мырза, кандайсыз? Жыл сайын хит жаратчу элеңиз. Акыркы кезде талкуу жараткан ырларыңыз жаралбай калды да?

— Жакшы, рахмат. Азыр деле чыгармачылык менен алекпиз. Бирок той-мааракелер көп, жакшылыктарда кызматтабыз. Жаңы чыгармалар, адатка айлангандай, күзгү концертибизге даярдалып жатат.

— Жайында куудулдар менен концерт койдуңуздар. Келген эл нааразы болуп кетти деп уктук. Чын эле концертке даярдык начар беле?

— Жайкы концерт боюнча жеке оюмду айтайын. Уюштуруучулар бир аз шашып коюшту. Бул концерттин максаты да, өзөгү да бащка болчу. Биз куудулдар ордосун түзөлү дегенбиз. Тилекке каршы, максатыбыз ишке ашпай калды. Даярдык жакшы эле, бирок сахнада баары тескери болду.

— Атактуу адамдар менен дос болууну каалагандар көп болот. Сиз менен да дос болууга ашыккандар көппү?

— Доско баймын. Досторуң да кас болор бир күнү, душманың да дос болор бир күнү. Кээ бирлери өмүр бою дос болуп калар. Аны убакыт көрсөтөт.

— “Эми мага баары бир” аттуу ырыңызды Алмаз Шаадаев ырдап жүрөт. Ырларыңызды сатасызбы же уруксат менен ырдашабы?

— Негизи ал чыгарманы казак ырчысы Ернар Айдар сурап аткарып чыкты эле. Ошондон таасир алды окшойт, Алмаз да сурады. Азыр билишимче, клип интернетте эң көп каралган кыргыз клиптеринин сап башында турат экен. Муну мен жетишкендик деп билем. Такыр ыр сатып көргөн эмесмин.

— Бир жолку маегиңизде бардык ырларыңызды радиолордон алдырып салам деп жаттыңыз эле…

— Кандай десем, негизи ырлардын ар жерден жаңырып турганы жакшы.т Менин чыгармаларымды көбүнчө “биздин форматка жарабайт” деп алышпайт. Ошондон улам радиолорго кайрылбай калдым. Албетте, ал үчүн күйөрмандарыман кечирим сурайм. Кээ бир радиолор ырларымды интернеттен алып жаңыртышат.

— Ырларыңыздын арасында өзүнүзгө эң жакыны кайсы?

— Мен чыгармаларымдын баарын өз балдарымдай жакшы көрөм. Кез-кезде “обондоруңуз окшош” дегендерди угуп калам. Ооба, бир атадан тараган бир туугандар окшош болушат. Бирок кыялдары ар башка. Ар бир чыгарма өз күйөрмандарын табат деп ойлойм. Ырларымдын баарын бирдей көрөм. Өзүм сүйбөсөм башка сүймөк беле (күлүп)?

— Жылдыздардын Инстаграмда хейтерлери көп болот. Негативдүү пикирлерди жазгандар эмнеден пайда болот деп ойлойсуз?

— Эл катары биз дагы жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп туралы деп Интаграмга катталаганбыз. Мага да ар кандай пикирлер жазылат. Жакшысы бар, жагымсызы да бар дегендей. Кээ бир билдирүүдөн таасирленесиң, кээ биринен тарбия аласың. Капа кылгандары да жок эмес. Эми пендебиз да, Кудайдын ырысыкысын бири-бирибизден кызгана беребиз. Ар бир адамдын өз ырыскысы бар деп айтар элем. Негатив эмнеден пайда болот? Менин оюмча, адамдын жан дүйнөсү кирдегенде, жүрөктөн ыйман качканда пайда болот. Жүрөгү, жан дүйнөсү таза инсан бирөөнү ушак кылып жамандабай, ар бир адамдын ийгилигине кубанат.

— Эң оор күндөрүм деп кайсы учурду айтасыз?

— Жашоомдогу эң оор күндөр деп жакын адамдарымды жоготкон учурларды билем. Бүгүн бар, эртең жок дегендей. Жашоонун мыйзамына баш ийгенге аргасызбыз. Мурун өткөн күндөргө жүрөгүм сыгылып стресс болгон учурлар болгон. Убакыт баарын дарылап ордуна коёт экен. Азыр баарына позитивдүү крагым келет.

— Атактуу бирөө “атым чыгып калгандан кийин статусумду кармайын деп айласыздан таксиге түштүм, кымбат баалуу кийиндим” деген эле. Сиз “эл эмне дейт?” деген түшүнүккө кандай карайсыз?

— Ооба, атактуулук ошол нерселерди талап кылат. Ыңгайсыз абалда калган учурлар болот. Көпчүлүктөн түрдүү нерсе күтсө болот экен. Учакты эсепке албаганда, коомдук транспортко түшпөгөнүмө көп болду. Мага эл менен аралашып сүйлөшкөн жагат. Эл эмне дейт? Бизде ушундай илдет бар. Кыргыздын канына сиңген. Бул нерсе максаттарга жолтоо болчу түшүнүк деп билем. Ар бир адамда өзгөчө касиет, керемет идеялар бар. Аларды “эл эмне дейт?” дебей ишке ашырууну көздөгөн адамда ийгилик көп болот деп ойлойм.

— Калп айткан учурларыңыз болобу? Чындыкты жашырып койгонуңузда ичиңизден бушайман болосузбу? Же өзүңүздү актаган шылтоолорду табасызбы?

— Калп айтпаганга аракет кылам. Чындык ачуу болот да убагында. Бирок жыйынтыгы ширин деп айтат элем. Калп айтсаң деле бир күнү чындыкты айтууга туура келет.

— Жеке жашооңузду сыр тутканыңыз менен, социалдык тармактарда Ысык-Көлгө күйөө бала болгонуңузду жазып жатышат. Жакында үйлөнүү той берем деп да жүрүптүрсүз…

— Үй-бүлөлүк жашоомду айткым келбейт. Элди жеке жашоомо караганда чыгармаларым кызыктырса дейм. Ошол себептен күйөрмандарым менен чыгармачылык жаңылыктарымды көбүрөөк бөлүшкүм келет. Той боюнча, эл катары жакшы ойлорум бар. Насип болгон күнү элимден бата алып, өткөрөм деп ниет кылып жүрөм.

— Рахмат маегиңизге!

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу