Гүлжигит Калыков, ырчы: » Музыкага болгон шыгымды эң алгач мектептеги мугалимим байкаган»

Өзү туурасында…

Гүлжигит Калыков 1989-жылы 23-июлда Нарын облусуна караштуу  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Үйдө беш бир туугандын төртунчүсү. Өзүнөн кийин иниси бар. Ата-энеси жогорку билимдүү, тактап айтканда атасы  эсепчи, апасы мугалим болуп иштешет. Мектепте балдарга билим, тарбия берип иштеген Гүлигиттин апасы аласынын келечекте мыкты инсан болушу үчүн болгон арак5етин көрүп, билген билимин берген. Гүлжигит 4-классынан тарты эле Бишкек шаарындабилим алган. Себеби, ата-энесинин жумушуна байланштуу үй-бүлөсү менен борборго көчүп келишкен. Ошондон тартып Бишкек шаарында ырчылык кесипти аркалап келет.  Үй-бүлөлүү.

Чыгармачылыкка ташталган кадам…

Гүлжигиттин чыгармачылыкка, ырчылык өнөргө болгон кызыгуусу мекепте окуп жүргөңдөэле пайда болгон, буюрса , келечекте ырчы болом деген аруу тилек жүрөгүндө жашап, мектептеги мызыка сабагына абдан кызыгуу менен катышкан. “Менин ырчылык кесипти тандап алышыма, ырчы болушума биринчи себепчи алгачкы музыкалык мугалимим Светлана Анатолбевна абдан зор таасирин тийгизген. Анткени ал абдан таланттуу мугалим болчу. Менин талантымды байкап, ырчылык өнөргө багыт берген да ошол мугалимим болду. Азыр Светлана Анатольевнага абдан ыраазы болом. Музыка жөнүн алгачкы түшүнүктү ошол эжемден алгам”-дейт ырчы Гүлжигит Калыков.

Музыкалык сабаттулук…

Ырчы болууну кыялданып, ал кыялдары көкүрөгүнө тынчтык бербей, аруу максаттарын ишке ашыруу үчүн Гүлжигит Калыков мектепти аяктаары менен эч ойлонбой туруп эле Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга эстрада багытына тапшырат. Ал жерден  мыкты, такшалып калган, тажрыйбасы мол агай-эжейлерден билим алган соң, билимин дагы өркүндөтүү үчүн Улуттук консерваторияга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган.

Сахна..

Чоң сахнага кадам таштаганга чейин мектептер аралык өткөн, телевидениелер уюштурган сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келген. Бирок ырчынын жылдызы сахнага, эл алдына чыкмайынча жанбайт эмеспи. Гүлжигит дагы сахнага чыкканга чейин ырчылык кесип, сахна уурасында көп нерсени билген эмес. Ошондуктан алгач сахнага кадам таштаганда продюсер менен иштешүүнү туура көрүп, Канат Култаев менен иштешип баштаган. Канат Култаев экөө 2009-жылы таанышып, эки жактын макулдугу менен иштешүү сунуштарын кабыл алышкан. Сөз чынынан бузулбайт демекчи, Канат Култаев өз ишинин профессионалы. Кандай гана ырчы менен иштешпесин атын чыгарып, ийгиликке жеткире алат. Болгону аны менен макул болуп,айткандарына көнүү керек. Тартипти абдан катуу кармайт дешет билгендер. 2010- жылдан тартып Канат Култаев Гүлжигит менен катуу иштешип, ырларды жазып, клиптерин тартып, бат эле эл оозуна алына баштайт. Негизи талант болсо, эмгек кылсаң  эле баарына жетишип, өсөт эмессиңби. Гүлжигиттин талантынын тапталышына продюсери менен 3 жыл иштеп, кийин жеке ырчы болуп, өз алдынча аракет кылып көрдү, бирок кайра продюсер менен иштешүүнү туура көрүп келишимди узарткан. Ырас, үч жылда жакшы эле ийгиликке жетти. Эң башкысы сахнадан өз ордун таап, атын чыгара алды. Эми аты Гүлжигитке кызмат кылып жаткан учуру.

Атак алып келген “Евразия жылдызы”

2012-жылы Стамбулда өткөн түрк тилдүү мамилекеттер арасындагы “Евразия жылдызы” конкурсундагы жеңиш Гүлжигиттин чыгармачылыгын дагы бир тепкичке өйдө көтөргөн, жылдызын жандырган учур болду. Ошол сынактан кийин Гүлжигит Калыков сахнадан өз ордун таап, анын чыгармачылыгын баалаган, сыйлаган күйөрмандардын санын көбөйтө алды. Аталаган сынакта смс добуш берүү аркылуу Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” ырын аткаруу менен жеңип алган. Бул учурда Гүлжигиттин продюсери Канат  Култаев болчу. Гүлжигиттин жеңишке жетишине, ырды туура тандап, формасынын ыры менен айкалышына продюсеринин да жардамы тийген десек болот. Чынында Гүлжигит аталган сынакта өзүнүн жаңы эстрадалык багыттагы ырланры менен эмес, эл жүрөгүнөн түнөк  таап, улуу муун сүйүп уккан, салмактуу “Жамгыр төктү” менен жеңишке жетишкендигин эске алсак, буга чейин аркандай эл аралык сынактарга катышып, бирок баш байгени ала албай жаткан айрым ырчылырыбыздын суроосна жооп табылат го дейм.  Демек, биз эч качан улутук ырларды чанып,  башка элдин маданияты менен биринчиликти багынта алат экенбиз.  Болбосо,  ушул кезге чейин, чет жерде өткөн ар кандай  сынактарга канча деген ырчылар барып ат салышып келишти. Бирок баары эле биринчиликти алган эмес. Бул ачуу чындык. Моюнга алуу керек. А катышуу деген эмне, каыышып коюуу элдин баарынын колунан келет.  Катышып, бирок орунга жетпеген нерсеге мактаныч  намыстанып, ардануу керек го. Болбосо өсүү болбойт, намыс ойгонбойт. Азыр бизде өзүн өтө эле мыкты сезген ырчылар абдан көп. Маданиятка кошкон салымы деле жок, сүйлөсө төш кагып, эч кимди өзүнө теңегиси келбейт, бирок Гүлжигиттей болуп намыс коргоп, чет жерде өткөн сынактан биринчиликти алган эмес. Анан эстраданын анабашы болуп калгандарына таң калып, күлкүң келет.

Билим жана спорт…

Жогорку билим алуу ар бир адамдын милдети. Музыкалык билим алгандан сырткары  Гүлжигит Калыков Кыргыз мамилекеттик архитектура , курулуш жана транспорт университетинин информатика жана экономика бөлүмүн аяктаган. Бирок диплому сандыкта. Ырчылыктан сырткары спортко кызыгат. Бош убактысы болгондо сууда сүзүп, машыктырууу жайларга барып ден соолугун чыңдап турат. Үйлөнгөндөн кийин чыгармачлыгы аксай түштү окшойт, жаңы ырларды көптөн бери укпай калдык. Бирок алдыда дагы жакшы чыгармаларды жаратып, көп ийгиликке жетет деп ишенебиз.

БУЛАК: ФАБУЛА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу