Гүлжигит Калыков менен Урмат Борченовдун «дене мүчөсү» билинип калган кийимдери кызуу талкуу жаратууда…

Кече, 7-декабрда КТРКнын 60 жылдык концерти Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда болуп өттү. 60 жылдык мааракенин расмий бөлүгүнөн кийин корпорациянын курамындагы «Музыка» каналы да жыл мыктыларын тандады. Бул тууралуу концертте алып баруучулук милдетти аткарган Айзада Жамгырчиева өзүнүн инстаграм баракчасына сүрөт жүктөдү.

Сүрөттөн Айзада Жамгырчиева, Гүлназ Чыныбек кызы, Урмат Борченов жана Гүлжигит Калыковдун алып баруучу болгону белгилүү болду. Маанилүүсү алып баруучулардын курамынан мурда алардын кийген кийимдери катуу сынга калды.

Көпчүлүк алып баруучу мырзалардын кийген кийимин аша чапкандык деп кабыл алды. Сүрөттү бир караганда мырзалардын «дене мүчөсү» ачыктан ачык байкалып калганын көрүүгө болот. Бул албетте коомчулуктун кыжырын кайнатаары айдан ачык.

Көпчүлүк пикир калтыргандар «сүрөттү карасаң эле көзгө илинетго, уят», «балдардын шымы кантет», «балдарга жарашпай калыптыр», «сүрөттү өчүрүп эле койчу» деген өңдүү сөздөрдү жазышууда. Ырчы Гүлжигит Калыков, журналист Урмат Борченов бул жагдай тууралуу эч кандай түшүндүрмө айта элек.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу