Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»

Мындай маалыматты «Назарньюс» сайтынын ээси Г.Шерипбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, ал кызуу талкууланып жатат.

-«Бактылуумун, бактылуумун» деп бирде чалкалап жатып, бирде тура калган ырчы айым бар. Анан эле эле арасында Марат деген жигиттин үй-бүлөөсүн бузуп, аялынын көз жашын көл кылып, кыздарын сыздатканы тараган. Ошол бир үй-бүлөөгө от салган ырчы Инстаграм баракчасы аркылуу тийишиптир. Мен деле бул ырчыдан жийиркенем. Көргүм да келбейт. Бул кыз турмуштун сабагы жеңил деп жүрөт окшойт. Сени менен сүйлөшө турган күндөр 4-5 жылда келет… Баса, Марат менен кайсы гостиницадан табышып, кайсы жерден күйөөң менен жашап туруп таштап кеткениң жана менде «ахалаган» видеотасмаң бар. (Ал тургай шампанскийди кайсы жак аркылуу ичкениңе чейин)… Билебиз сен каттуу «..суруп койсоң» деле Айчүрөк Иманалиевага жабышып жүргөнсүң. Билип ал, мен сага Айчүрөк эмесмин. Дагы «Бактылуу айым», деп көрсөтүү ачып алыпсың, сенин кайсы жагың бактылуу айым, же сен өз каражатың менен ар кимди бактылуу кылып атасыңбы? Ар кимдин акчасын алып алып сен бирөөнү бактылуу кылбай эле кой. Илим Карыпбеков, ушул «артынан бир жакшы сөз айтылбаган» айымдын көрсөтүүсүн алып салса жакшы болмок. Бул бактылуу эмей эле бирөөлөрдүн БАКТЫСЫЗ кылган айым.  Кызыгы бул ырчы, «чоң саясатчыдан баштап, кичинекейи менен сөз болгон ушул ырчы» белгилүү, ырчылардын атын булгап жүрөт. Сен ким экениңди коомчулук жакшы билет…

Гүлжан Шерипбаева кыйытып айтып жаткан ырчы айым Анжелика Бекболиева болушу мүмкүн. Ал ырчы катары таанымал жана КТРКнын «Бактылуу айым» автордук телеберүүнүн алып баруучусу.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу